Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Амир Тимурдун ийгилигинин сыры




Амир Тимурдун ийгилигинин сыры


Бир күнү Амир Темирден жоокерлеринин бири:  "Ийгиликке жетүүңүздүн сыры эмнеде жана ушунча  жеңиштин илхам булагын айтып бере аласызбы?” -  деп сурайт. Амир Темир: "Жеңиштеримдин илхам  булагы - кумурска”,- дейт. Алган жообуна такыр  түшүнбөгөн жоокер: "Түшүнсөм буюрбасын падышам”-  дегенде, Амир Темир: ”Өзүмө кумурсканы үлгү кылып  алдым”-, деди да, башынан өткөн бул окуяны айтып берди; "Жаш кезимде бир согушка катышкан элем.  Негизинен бардык жагынан басымдуулук биздин  тарапта эле. Бирок, биринчи салгылашууда жеңилүүгө  учурадык. Аскерлер ар тарапка чачырап, өзүм бутуман  жаракат алып, кыйналган абалда бир дубалдын  түбүнө келип отурдум. Андан ары эмне кылуу керек  экендигин ойлонуп отурганымда көзүмө бир кумурска  көрүндү. Өзү менен тең буудай данын тиштеп алып,  дубалдын боюнда жөргөлөп баратты. Максаты дубалды ашып өтүү болсо керек дедим. Бирок, жарым  жолго жеткенде кулап калды. Кайрадан жөргөлөп  чыгып, кайра кулап жатты. Карап отуруп санаганымда  бул жагдай жетимиш жолудан ашык кайталанды.  Бирок, жетимиш жолу кулап калганына карабастан  максатынан баш тарткан жок. Тажабастан, көшөрүп,  ишине кайрадан киришип жатты. Кичинекей кумурскада эмне деген эр жүрөктүк, кайраттуулук бар  десеңчи. Ушул эрдигинин аркасынан акыры максатына жетти. Өз-өзүмө "ушул кумурскадай боло  албаймынбы?” - дедим да, ошол күдөн баштап,  көздөгөн максатыман баш тартпай турган болдум. Ар  бир ишимди аалымдар менен кеңешип кылдым.  Алардын батасын алдым. Жаратканга шүгүр кылдым.  Бир гана Аллаху таалага ибадат кылып, талыкпаган  эмгектин аркасы менен ийгиликтерге жетиштим. Аллаху тааланын уруксаты менен эл башкардым,  илим жайдым, шаарларды көрктөндүрдүм, калкка  кызмат кылдым!"


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш