Узун өмүр


Ким өмүрүнүн узун болуусун каалабасын! Бардык  адам "мүмкүн болсо да, көп жашасам” деп тилек кылат.  Өмүр сүрүү кыйын болсо да адамдар жашоого ыраазы. 

Дубаларыбызда да муну эстейбиз. Бирөө бизге  жакшылык кылса "өмүрүң узун болсун, көп жаша” деп  дуба кылып, жооп кайтарабыз. Негизи узак өмүр жакшы  амалдар менен өтө турган болсо чоң нимат болот. 

Бани Хай уруусунан эки адам келип мусулман  болушат. Пайгамбарыбыз (алейхиссалам) аларга бир  үй даярдаттырат. Биргеликте ал үйдө ибадаттарын  кылышып, өмүр кечиришет. Булардын бирөө бир  согушта шейит болот. Экинчиси жалгыз калып, бир  жылдан кийин ал дагы ооруп кайтыш болот. 

Сахабалардан бири буларды түшүндө көрөт. Караса  бир жыл кийин кайтыш болгондун даражасы мурун  кайтыш болгондон жогору. Таң калат! Анткени, ал  шейит болгон адамдын даражасы жогору болсо керек  деп ойлогон. Абалды сүйүктүү Пайгамбарыбызга айтып, сурайт: 

- Йа, Расулаллах! Мен шейит болгондун даражасы  жогору экен деп ойлогом. 

Ошондо Пайгамбарыбыз мындай деген жооп кайтарды: 

Албетте, бир жыл кийин кайтыш болгон адамдын  даражасы бийик. Анткени, ал андан бир ай ашык орозо  кармады. 6000 рекет андан көп фарз намаз окуду, көп  дуба жана ибадат кылды. 

Өлүм болбосо жер бетине батпайт элек. Аллаху  таала Адам алейхиссалам менен Хавва энебизди  дүйнөгө жиберди. Булардын балдарынын боло тургандыгын билген периштелер мындай дешти: "Булар барган сайын көбөйүп, жер жүзүнө батпай  калышат! Аллаху таала мындай деди: "Алар өлүшөт,  түбөлүк өмүр сүрүшпөйт”. 

Периштелер мындай дешти: "Андай болсо өмүр  сүрүүнүн кызыгы эмнеде? Акыры өлүм болгон өмүрдүн  кандай жыргалчылыгы бар?”


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш