Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Төө издеген адам




Төө издеген адам


Бехлул Дана хазреттери Багдатта өмүр  сүргөн олуя, аалым зат болгон. Адамдарга  айткан насааттары менен белгилүү болгон.  Кабыры Багдатта жайгашкан. Аббаси халифаларынан Харун Рашиддин доорунда  өмүр сүргөн. 

Бехлул Дана хазреттеринин бир кошунасы бар эле. Ал Бехлул Дана хазреттерин абдан  жакшы көрүү менен бирге өзү диндин буйруктарына моюн сунчу эмес эле. Бирок, ар  түнү жатаарда: «Йа, Раббим! Мага жаннатыңды  насип кыла көр!» - деп дуба кылып, кийин жатчу.  Бир түнү дагы ушундай дуба кылып, төшөгүнө  жатат. Бир маалда үйдүн чатырынан дүңгүрөп  чыккан үндөн улам чочуп ойгонот. Дароо тамдын  үстүнө чыгып, бир адамды көрүп: 

- Тамдын үстүндө эмне кылып жүрөсүң?- дейт. - Төөмдү жоготуп жиберип, ошону издеп  жүрөмүн, - деп жооп берет ал адам. 

- Кудай сактай көр! Тамдын үстүндө төө  издегени эмнеси, - деп таң калат. Ал киши  Бехлул Дана хазреттери эле. Жакындап келип: 

- Туура айтасың, тамдын чатырынан төө издөө  таң калыштуу нерсе. Бирок, сенин кылып жүргөн  иш аракетиң мындан да таңкаларлык эмеспи?! 

- Ал кандай иш аракет? 

- Төшөккө жатып алып, жаннатты эңсөөдөсүң.  Эч кандай ибадат кылбастан жаннатты эңсөө  акмактык эмеспи?! 

- Туура айтасың Бехлул, - деп катасын түшүнүп,  намаз окууну баштаган экен.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш