Бир адам кайтыш болоордон мурун абдан ыйлайт. Баласы: «Ата эмнеге аябай ыйлап жатасыз? Өлүмдөн коркуп жатасызбы?» - деп сурайт. Атасы мындайча жооп берет: «Жок, өлүмдөн корккон жокмун, бирок, Аллаху тааланын эсеби биз билген эсепке окшобойт. Биз Анын билдиргендерин аткардыкпы же аткарган жокпузбу ошону билбеймин. Аз да болсо амалдарды жасадык. Бирок, Аллаху таала ал кылган амалдарыбызга ыраазыбы же ыраазы эмеспи? Мына ошол себептен ыйлап жатам.» Арадан бираз убакыт өтүп, бул адам кайтыш болот. Баласы бир нече күндөн кийин атасын түшүндө көрөт. «Ата эмне болдуңуз?» - деп сурайт. «Балам, кыйынчылыктан кутулдум» деп мындай дейт: «Аллаху таала: "Сага 70 жыл өмүр бердим. Анткени, ар убакта сени өмүрдө бар кылып кармап турган мен элем. Андай кылбасам өлүп кетээр элең, ансыз да жок элең. Сага көптөгөн ниматтарды бердим. Мага эмнең менен келдиң?" - деп сурады. "Йа, Раббим, 10 жашыман баштап атам мени ажылыкка алып бара баштады. 60 жолу ажыга бардым", - дедим. "Эч бири кабыл болбоду", - деди. "Йа, Раббим, 40 жыл күнүгө орозо кармадым, түндөрү намаз окудум", - дедим. "Булар да кабыл болбоду", - деди. "Йа, Раббим, зекеттеримди бердим", - дедим. "Зекеттериң да кабыл болбоду. Бир гана амалың мага жакты. Жолдо бир тезек жаткан эле, мусулмандар басып албасын деп эч ким көрбөй турган маалда четке алып таштадың. Мына ушул амалың ыкылас менен кылынган эле. Бирок, сен башка амалдарыңды адамдар көрсүн деп жасадың. Амалдарыңа рия аралашты. Бирок, тезекти алып жатканда ыклас менен алдың, ага рия аралашкан жок. Мен ыкылас менен кылынган амалды кабыл кыламын, ыкылассыз амалды кабыл кылбаймын", - деди.
Ушул себептен олуяларыбыз: "Кылган амалың аз болсо да адамдар көрсүн, мактасын деп кылба! Болбосо, рия болот", - дешкен. Ошондуктан, иштерибизди кылып жатканда адамдардын эмес, Аллаху тааланын ыраазы болуусун ойлообуз керек.