Бир аймакта жамгыр жаабай, кургакчылык кыйынчылык туудура баштаган эле. Элдер жамгырдын жаашына канчалык дуба кылса да жамгыр жаабайт. Олуялардын бири эмне кылаарын билбей тынчсызданган элге мындай дейт:
- Мунун бир чарасы бар. Себептерине жабышмайынча жамгыр жаабайт.
- Устаз, чарасы кандай болсо да айтыңыз! Бул балээден тезирээк кутулалы.
- Бербей туруп суроого болбойт. Аллах үчүн да бербей туруп суроого болбойт. Менин бул чапанымдан башка эч нерсем жок. Мен бул чапанымды беремин, ар ким садака иретинде бир нерселерин алып келсин.
Муну уккан адамдар бере алуучу нерселерин алып келип ортого коюшту, көп нерсе жыйналды. Олуя адам бир нече адамга буларды ошол аймактагы кедейлерге таратуусун айтты. Бардыгы таратылып бүткөн соң мубарек адам минтип дуба кылды:
- Йа, Рабби, кулдарыңды кубанткан адамдардын дубасын кабыл кыла турганыңды билдирүүдөсүң, биз сенин кедей кулдарыңды кубанттык, сен да жамгыр ихсан кылып бизди кубант! Ушуну айткан соң жамгыр жаай баштады. Анан олуя адам элге мындай деди:
- Мына, көргөнүңөрдөй садака бербеген адамдын, адамдарды кубантпаган адамдын дубасы кабыл болбойт.