Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Чоң эне менен небере




Чоң эне менен небере


Бүгүн автобуста бара жатып трагедиялык бир окуяга  күбө болдум. Жапжаш эле балдардын, мектепти жаңы  бүтүргөн балдар болсо керек, бир келинчектин сумкасына кол салып, тоноп жатканын көрүп, кыйкырып  жибердим. Аялдамада токтоп тургандыктан, алар дароо  качып, автобустан түшө салып эле чуркап кетишти. Кан  басымым көтөрүлүп, мен да сыртка чыктым. Кол-бутум  калчылдап, көпкө чейин өзүмө келе албай, аялдамада  бираз отуруп калдым. Эне сүтү оозунан кете элек жапжаш  балдардын мындай кылганына жүрөгүм сыздап, бир жагы  мындай окуяны мурун көрбөгөнүм үчүнбү, жүрөгүм катуу  сого берди. Акыры бир таксиге отуруп, үйгө кайттым.  Эмнеге адамдар мындай опасыздыкка барышат экен э?!  – дей бергени үчүн небереси чоң энесин бетин өөп, сөзүн  илип: 

Тарбия көрбөгөн чыгаар да чоң эне! Мен ушундай деп  ойлоймун. Тарбия көргөн бала андайга барбаса керек. Эсиңиздеби, мен мектепте байкабай бир баланын калемин алып келгенимде канча жолу жаздыртып, башка  бирөөнүн нерсесин уруксатсыз алуунун туура эмес экенин мээме куюп койдуңуз эле. Сиздин тарбияңыздын  аркасында эч кимдин акысын жебеген, эч кимге кастандык кылбаган адам болуп чоңойдук. Кичинекей  кезимде да айткан уламыш-рабаяттарыңыз алиге дейре  эсибизде . Оң ийинибиздеги периштелер жакшылыктарыбызды жазышат Сол ийинибиздеги периштелер жаман амалдарыбызды жазышат. Ар бир  жакшы ишти баштаганда "Бисмиллах” айтуу керектиги,  чоң атабыздын бизге даарат алдыртып, айт намазы, жума  намаздарына алып барган кездери "Кудайың ким? Диниң  эмне? Кимдин үммөтүсүң? Китебиң эмне? Кыбылаң  кайда? Ишенимде жана амалда мазхабың эмне? деген  суроолордун жоопторун үйрөтүүсү, ошонун баары бизди  тарбияга салбадыбы? Силерге алкышыбыз чексиз чоң  эне. Ар намазда сизге дуба кылып жатабыз, чоң атабызга  Куран окуп багыштап жатабыз, - деди. Көзүнүн жашын  сүртүп туруп чоң энеси: Машаллах балам, Аллаху таала ар дайым ийгиликтүү  кылсын! – деп дуба кылды.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш