Падышалардын бири үч-беш жардамчысы менен элет жерин кыдырганга чыгат. Дарактын түбүндө уктап жаткан бирөөнү көргөндө, жанындагы адамдарга: "Аны ойготуп койгула, жыландын же башка нерсенин зыяны тийиши мүмкүн”, - дейт. Ал киши ойгонгондо маңдайында падышанын турганын көрүп, сүйлөнө баштайт: "Эмнеге мени ойготтуңар? Мен түшүмдө кандай сонун султан элем, хан сарайларым жана аскерлерим бар эле. Минтип-тигинтип буйрук берип жаткам, баланча нерселерди жасап жаткам...”
Ошондо падыша күлүп: "Аның жакшы экен, бирок, муну өзүң айтып жатасың, түшүмдө деп жатасың го. Түштөгү падышалыктын эмне баркы бар? Мына, көзүңдү ачканыңда бүттү”, - деди. Ал киши жооп берип: "Менин падышалыгым көзүмдү ачканда бүтүүдө, сеники көзүңдү жумганда бүтөт, айырмасы эмнеде?” – деди.