Харун
Рашид Бахлул Дананын алачыгына келип, эмне үчүн элден качып кеткенин жана эмне
үчүн сарайга келбегенин сурайт. Бахлул унчукпайт. Харун Рашид сарайга келүүсүн
талап кылганда, ал: "Кеңешүүм керек”, - деп айтат.
Харун
Рашид: "Ким менен кааласаң кеңеш”, - дейт.
Бахлул
алачыктан чыгып, жанындагы дааратканага барат, бирок, кире салып кайра дароо
чыгат. "Мен кеңештим, алар сунуштабай жатышат”, - дейт. Харун Рашид таң калып:
"Түшүнө алган жокмун. Ким менен кеңештиң, эмнени сунуштабай жатышат?” – деп
сурайт.
Бахлул
мындай дейт:
"Дааратканадагы
ыплас нерселер өз тилдери менен: "Адамдардын ичине кире көрбө. Мына, биз жаңы
үзүлгөн мөмө-жемиштер, даамдуу нандар жана даамдуу шишкебектер болчубуз. Бир
жолу адамдардын ичине кирдик, натыйжада ушундай болуп калдык. Сен өзүң менен
өзүң болуп, алардан алыс болгун!” – дешти.”