Газнелик
Султан Махмуд Хан Исламды жайылтуу үчүн Индияга 18 жортуул уюштурган эле. Бул
жортуулдардын биринде катуу каршылыкка кабылгандыктан, ал жеңишке жетеринен
күмөн санаган эле. Ушул оор абалга туш болгондо Аллаху таалага мындай деп
жалбарды:
"Йа, Раббим! Эгер ушул согушта жеңе турган болсом,
өзүмө тийе турган олжонун баарын кембагалдарга таратып берем.”
Натыйжада
Султан Махмуд жеңишке жетип, абдан баалуу олжолорго ээ болду. Газнеге кайтып
келишкенден кийин өзүнө тийген бардык олжолорун кембагалдарга, муктаждарга
бөлүштүрө баштады. Бирок, кээ бир вазирлер менен кол башчылары
кийлигишип: "Оо, Султаным, эмне кылып жатасыз? Ушунча баалуу олжолорду,
алтындарды жана берметтерди таратууга болобу? Анын үстүнө алар мунун баркын
билишпейт”, - деп жатышкан эле.
Султан
Махмуд муну Аллаху таалага берген убадасынын талабы катары кылып жатканын жана
мунун ага адак (атоо) экенин айтканы менен, анын кишилери кайра: "Маанисиз
болгондорун таратыңыз, баалууларын казынага алалы, бүткүл мамлекеттин буларга
муктаждыгы бар. Сообу балким эки эсе болот”, - дешти.
Султан
Махмуд ойлонуп калды. Аалым бир адамга бул жагдай тууралуу айтып, анын пикирин
сурады. Ошол улуу зат мындай деди:
"Султаным, мунун чечими оңой. Эгерде Аллахтын
уруксатысыз жеңишке жеткен болсоңуз, андан башка эч кандай өтүнүчүңүз болбосо,
сөзүңүздө туруунун кереги жок. Бирок, бул жеңишти сизге Аллаху таала ихсан
кылган болсо, дагы Ага муктаж боло турган болсоңуз, анда берген убадаңызды
аткарышыңыз, адагыңызды орундашыңыз, олжолорду кембагалдарга таратып беришиңиз зарыл”, - деди.
Махмуд
тообо кылды, "Жеңишти албетте Аллаху таала ихсан кылды”, -
деди. Убадасын аткарды, өзүнө тийген олжосунун баарын кедей-кембагалдарга
таратты.