Бахлул
Дана күндөрдүн биринде эч ким жок болгондо Харун Рашиддин тактысына чыгып
отурган эле. Көп өтпөй сарайдын кызматкерлери келишти. Алар Бахлулду тактан
түшүрүп, сабашты. Бахлул сабалып да жатты, күлүп да жатты.
Харун
Рашид кирип, Бахлулдун эмне үчүн күлүп жатканын сурады. "Мен жеген таякка күлүп
жаткан жокмун. Мен бул тактыда бир нече мүнөт отуруп ушунчалык таяк жедим. Сен
көп жылдар бою отуруудасың, ким билет сен канча таяк жейт экенсиң деп күлүп
жатам”, - деп жооп берди.