Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Бактын насааты




Бактын насааты


Бир адам бактын көлөкөсүндө философия китебин окуп отурган эле. Суроолор үстүнө суроолор анын башын адаштырган эле. Башын көтөрүп бакты карады.

- Аттиң, бак болуп калганымда эмне, эч ойлонбостон жашамак элем, - деди. Кокустан бак тилге келип:

- Балким мен ойлонбогон чыгармын, бирок, ой жүгүрткөн адамдарга ушунчалык көп сабак бере аламын, - деди. Алиги адам толкунданып:

- Сени уккум келет, - деди. Бак сүйлөй баштады:

- Колуңдагы философия китебиңди таштап, мени көңүл коюп ук, сага он даана жашоо сабагын берем, - деди. Адам толкунданып:

- Жарайт, - деди. Бак:

- Анда эмесе угуп тур, - деп жашоо сабагын тизмектей баштады:

1- Бактын талы жаш кезинде ийилет же түзөлөт. Бардык нерсенин өз мезгили бар. Адам баласы өмүр бою үйрөнүү менен жашайт. Бирок, мунун өз маалында болуусу өтө маанилүү. Сиз дагы билесиз, «карып калган итке жаңы оюндарды үйрөтө албайсың». Жашы өткөн кезде адам баласы үчүн жаңы нерсени үйрөнүү оңойго турбайт.

2- Жыгылган бакка балта чапкандар көп болот. Ошондуктан, жашоодо жыгылбоого көңүл бөлүү керек. Сен күч-кубаттуу кезиңде көлөкөңө келип баш калкалашат, сен жыгылсаң ошол эле адамдар сен жыгылсаң балтаны алып сага жүгүрүшөт.

3- Бизди майдалап жок кылган ошол балтанын сабы бизден жасалат. Дайыма сырттагы душмандан коркпогула. Ичиңдеги душман кооптуураак. Силердей болуп көрүнүп, силергер кыянаттык кыла турчу адамдарга көңүл бөлгүлө. Тишти сындырган нерсе күрүчкө өтө окшош ак таш болот.

4- Улуу карагайлар бороондуу мекендерде өсөт. Адам баласын бышып жетилдирген нерселер булар – кыйынчылыктар. Улуу инсандар чоң кыйынчылыктарга туш болуп, аны ашып өткөндүктөрү үчүн улуу инсан болушат. Улуу мамлекеттер дагы чоң кыйынчылыктарды ашып чоң мамлекет болушат. Бийик аска-зоолор катуу шамалдарга каршы турушат. Алдыңан чыккан тоскоолдуктарды мүмкүнчүлүк деп билүүңөр керек.

5- Бир бактын тамыры канчалык тереңде болсо бою дагы ошончолук бийиктейт. Тамыры алсыз болгондору ал бийиктикти көтөрө албайт. Ошондуктан, кулач жайган тамырыңарды сактооңор керек. Өзүнүн тамырын унуткан же жок деп эсептеген бак жашай алабы? Бир бак өз күчүн денесинен эмес тамырынан алат. Силердин дагы тарыхыңар болбосо келечегиңер кантип болот? Тарыхыңарды жок деп эсептесеңер же унутсаңар келечекти кантип кура аласыңар?

6- Бак жалбырактары менен көрктүү болот. Адам баласы дагы үй-бүлөсү, жоро-жолдоштору менен сулуу болот, адамдын сулуулугу ошолор менен толук болот. Алар менен өз барлыгын сездирет. Ошондуктан, социалдык мамилелерибиз өтө маанилүү.

7- Эч бир бак жаз келет болду бекен, гүл ачат болдум бекен деп ойлонбойт. Анын тамыры, өзөгү, денеси, бутактары өз милдеттерин унчукпастан сабыр менен орундашат. Силер дагы жаздын келүүсүн күтүп жаткан болсоңор өз милдетиңизди жар салбастан унчукпай, мыкты түрдө сабыр менен орундооңор керек.

8- Мөмөлүү бактарга таш ыргытышат. Билимдүү, иш билги, колунан келген ийгиликтүү адамдарга көралбастык кылгандар көп болот. Эч бир ишке жарабаган, колунан иш келбеген, бары-жогу билинбеген адамга эч ким көңүл бөлбөйт. Ошондуктан, ийгиликтүү адамдар ыргытыла турчу таштарга туруштук бере алышпаса ийгиликтерин уланта алышпайт.

9- Ар бир бак өзү турган топуракта чоңоёт. Бак ылайыктуу болгон топуракты тапканда гана өсүп чоңоюусун улантат. Адамдагы талант дагы мына ушундай бактын уругу сыяктуу. Ылайыктуу болгон жерди тапканда өсүп чоңоёт, болбосо чирип жок болот.

10- Бешиктен мазарга чейин силер бакка муктажсыңар. Бала кезде бешикте, өлгөндө болсо бактан жасалган табыттын ичинде биз менен биргесиңер. Бизди дайыма эле отун деген көз менен карабагыла. Аз да болсо ибрет көз менен карагыла. Сөзүмдү минтип бүтүрөйүн, адамдардын кулактарына алтын сырга болсун.

«Бардык нерсе бир бакты сүйүү менен башталат.» Мындан кийин бир бактын жанынан өтүп баратканда биразга токтоп, биз ырдаган ырыбызды тыңшагыла.

Алиги адам бакты кайра карады да: «Негизи отун болгон бул бак эмес, отун мен экенмин көрсө», - деп ичтен ойлонду.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш