Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Асаф бин Бархия




Асаф бин Бархия


Сулайман алейхиссалам Ажылыктан кийин Санага барат. Бул жерде бир сасык үпүп Сулайман алейхиссаламдын үпүбүнө Балкыстын хансарайын айтып берет. Бул үпүп болсо ага кызыгып, Балкыстын хансарайын кыдырып келет. Көргөндөрүн төкпөй-чачпай Сулайман алейхиссаламга айтып берди.

Хазрети Сулайман Балкыска бисмиллах менен башталган «Мусулман бол, каршы чыкпастан мага кел!» деген катын жазып жөнөттү. Үпүп катты алып барып, бардык тарабы жабык болгондуктан терезеден кирип катты Балкыстын төшөгүнө койду. Балкыс ойгонгондо мөөрлөнгөн каттын турганын көрүп коркуп кетти. Өз кишилерин жыйнап, бул тууралуу кеңеше баштады. Акыры Сулайман алейхиссаламдын пайгамбар болуп болбогондугун билгиси келди. «Эгер пайгамбар болсо согуша албайбыз, баш ийип беребиз. Эгер пайгамбар болбосо анда согушабыз», - деди.

Сыноо үчүн кыз кийимин кийген беш жүз эркек, эркек кийимин кийген беш жүз кыз, ийри тешиги бар бермет, бир чөйчөк, бир таш жана белек катары болсо жакуттан бир таажы менен эки алтын кирпич жөнөттү. «Эгер бул адам пайгамбар болсо эркектер менен кыздарды бири-биринен айырмалай алат. Адам жана жинден башка бир макулукка бул ташты тештирет. Чөйчөккө жерде жана асманда болбогон суудан толтурат. Бул берметке болсо жип өткөрөт», - деди.

Үпүп келип буларды Сулайман алейхиссаламга кабарлады. Ал болсо Балкыс жөнөтүп жаткан кирпичтердин көлөмүндөгү алтын кирпичтер менен кеңири майданды төшөттү. Алтын кирпичтердин үстүнө болсо мал жаныбарды айдатты.

Балкыстын элчилери туш тараптын алтын кирпичтер менен төшөлгөнүн, мал жандыктардын кирпичтердин үстүнө заара ушаткандыгын, алтындын бул жерде эч кадыры да жок болгондугун көргөндө өздөрү менен бирге алып келген эки алтын кирпичти белек кылып берүүгө уялышты. Алтын менен төшөлгөн майданда эки кирпичтин орду бош эле. Элчилер: «Бул эки кирпичти тигил жерден уурдап алдыңар деп айыпташпасын деп эки кирпичти ачык калган жерге калтырып, Сулайман алейхиссаламдын алдына чыгышты.»

Балкыс аларды узатып жатканда: «Бул адам силерди орой күтүп алса анда пайгамбар эмес», - деген эле. Бирок, Сулайман алейхиссалам аларды күлөр жүз менен жана таттуу сөздөр менен күтүп алды. «Кана, берметиңер каерде. Алып келгиле, ага жип өткөрөлү», - деп буюрду. Берметти бир жыгач куртуна берди. Курт болсо жипти оозуна алып, бир тарабынан кирип, экинчи тарабынан чыкты. Сулайман алейхиссалам: «Тешиле турчу ташты алып келгиле», - деп буюрду. Аны болсо тоңкулдак тешти. Кыз менен эркектердин беттерин жуунтту. Кыздар кумганды сол кол менен, эркектер оң кол менен кармагандыктары үчүн аларды бири-биринен ажыратты. Чөйчөктү болсо күлүккө чабылган аттардын терлери менен толтуртту. Алып келинген белектерди болсо кабыл кылган жок.

Элчилери болсо бул абалды барып Балкыска кабар бергенде, Балкыс: «Бул зат Пайгамбар. Баш ийүүдөн башка чарабыз жок», - деди. Сулайман алейхиссаламга барып баш ийүү үчүн адамдары менен жолго чыкты.

Сулайман алейхиссалам жанындагы алдыңкы катардагылардын баарын жыйнап: «Балкыс менен коому ыйман келтирип мага келүүдөн мурда Балкыстын тактысын кимиңер мага алып келесиңер?» - деп сурады. Ал кезде Сулайман алейхиссалам Кудуста эле. Ал эми Балкыстын тактысы болсо Йеменде Сана шаарында эле. Эки шаардын аралыгы 2 айлык жол эле. Сулайман алейхиссалам Балкыстын тактысын жеке өзү алып келүүгө алсыз болгондугу үчүн башка бирөөнө буйрук бергени жок. Анын максаты үммөтү арасында керемет ээси болгон кишини ортого чыгаруу эле. Үммөтүнүн арасындагы ал олуянын керемети – ошол Пайгамбардын мужизасы болуп эсептелет.

Сулайман алейхиссалам: «Балкыстын тактысын мага кимиңер алып келесиңер?» - деп буюрганда, жиндерден болгон бир ифрит: «Сен макамыңдан тура электе мен аны сага алып келемин. Мен Балкыстын тактысын алып келүүгө кудуреттүүмүн», - деди.

Ифриттин күч кубаты көп эле. Көзү көргөн жерди буту басаар эле. Бирок, Сулайман алейхиссалам: «Мындан да тез алынып келүүсүн каалайм», - деди. Ошондо жанында турган бир аалым зат сөз алып мындай деди: «Мен көзүңдү жумуп ачканга чейин аны сага алып келем».

Муну айткан киши Сулайман алейхиссаламдын баш вазири жана таежесинин уулу болгон Асаф бин Бархия эле. Асаф бин Бархия Сулайман алейхиссаламдан мурда түшкөн самавий китептерди билчү эле. Исми азам дуасын дагы билчү эле. Исми азам менен дуа кылгандыгы үчүн дуасы кабыл болоор эле. Сулайман алейхиссалам Асафтын бул сөзүнөн кийин: «Эгер муну кыла ала турган болсоң дароо алып кел!» - деп буюрду. Асаф бин Бархия туруп даарат алды. Исми азам менен Аллаху таалага дуа кылып сажда кылды. Балкыстын тактысы турган жеринен бир заматта Сулайман алейхиссаламдын күрсүсүнүн жанына келди. Сулайман алейхиссалам Балкыстын Йемендеги тактысын Кудуста өзүнүн жанында турганын көргөндө Аллаху тааланын халис кулдарынын адаты катары ниметке шүгүр кылуу үчүн мындай деди: «Бул Балкыстын тактысын ошончолук узак аралыктан ушунча кыска убакыт ичинде алып келүү – мага Раббимин лутуфунан бири. Раббимин бул лутуфу Аллаху таалага шүгүр кыла тургандыгымды же өзүмдү бул ниматка ылайык көрүп ниматтын акысын өтөөдө кемчилик кыла тургандыгымды сыноо үчүн.»

Балкыстын атасы жин, энеси адам эле. Балкыстын келе тургандыгын уккан жиндер тынчсызданышты. «Балкыс келип, Сулайман алейхиссалам менен үйлөнүп, ортодо бир эркек уулдуу болушса биздин башыбыз балээден кутулбайт. Бул ишке тоскоол бололу», - дешти. Балкыстын кем акыл экендигин, буттарынын эшектин бутуна окшош экендигин айтышты. Сулайман алейхиссалам Балкыстын акыл-эсин сынагысы келди. Бул үчүн бир хансарай жасатты. Хансарайдын биллурдан болгон короосунун астына суу агызды. Ичине болсо балык жана курбака сыяктуу суу жаныбарларын салдырды. Короого кирген адам сууга кирип жатам деп ойлочу эле. Сулайман алейхиссалам кызматчыларга Балкыстын тактысын өзгөртүүлөрү үчүн мындай деп буюрду: «Тактынын астын үстүнө, аркасын алдына каратып шекилин өзгөрткүлө. Өзүнүн тактысы экенин билет болду бекен байкайлы?»

Балкыс жоон топ менен Сулайман алейхиссаламдын алдына келди. Балкыс биллурду билбегендиктен сууга түшө тургандыгын ойлоп бут кийимдерин чечти. Сулайман алейхиссалам болсо анын буттарында кемчилик жок экендигин көрдү. Андан: «Бул такты сеникиби?» - деп суралды. Балкыс караса өз тактысына окшоп туранын көрдү. Атүгүл, ичинен: «Жети кабат күзөтчүлөр менен курчалган тактым бул жерге кандайча келип калган», - деп ойлоп, көргөнүнө ишене албай турду. Тактыда өзгөрүүлөр болгондуктан билип-билбегендик менен: «Менинче ошол», - деп жооп берди. Кийин Балкыс минтип кошумчалады: «Мындан мурда да бизге үпүптүн кат калтырып кетүүсү, белек жана элчилер маселеси менен Аллаху тааланын кудуретине, Сулаймандын [алейхиссалам] пайгамбарлыгына байланыштуу илим берилген эле. Биз ага таслим болгондордон элек.» Балкыс күфүр ичинде жүргөн ыймансыз бир коомдун ичинде чоңойгон эле. Алардан күнгө сыйынууну үйрөнгөн эле. Ушундан улам Сулайман алейхиссаламдын коргоосуна жеткенге чейин мусулман болуу аброюна жете албаган эле. Сулайман алейхиссалам Балкысты ыйманга чакырганда: «Йа, Раббим! Асмандагы күнгө сыйынуу менен напсиме зулумдук кылган экенмин. Азыр болсо Сулаймандын жанында ааламдардын рабби болгон Аллахка таслим болдум», - деди.

Сулайман алейхиссалам Балкыс менен үйлөндү. Балкыстан Давуд аттуу бир уул төрөлүп, атасы тирүү кезде кайтыш болду. Сулайман алейхиссалам Балкысты аскерлеринин башчылыгында кайра артка Йеменге жөнөттү. Айда бир жолу шамал менен Балкыстын жанына барып турчу эле. Сулайман алейхиссаламдын кайтыш болуусунан кийин бир нече убакыт өтүп Балкыс дагы кайтыш болду.

Сулайман алейхиссалам менен Балкыстын ибреттүү окуясында өзүнүн кереметин көрсөткөн вазири Асаф бин Бархия кайтыш болооруна жакын өзүнүн азыркы күмбөзү турган Сулайман тоонун этегине жерге берилүүсүн осуят кылган делет.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш