Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Булар менен дүнүйө жана акыретиңди кооздо




Булар менен дүнүйө жана акыретиңди кооздо


Имам Азам хазреттеринин бир шакиртине кылган осуяттарынын кээ бирлери төмөнкүдөй:

Сүйлөп жатканда катуу сүйлөбө. Эч бир жумушуңда шашпа, оор басырыктуу кыймылда. Шашылуу шайтандан.

[Хадиси шарифте: "Оор басырыктуулук кылган адам максатка жетет, шашкан адам жаңылат”, - деп айтылды.]

Унчукпоону көнүмүшкө айландыр.

[Хадиси шарифте: "Унчукпоо хикмет (акылмандык, даанышмандык). Бирок, унчукпаган адам аз”, – деп айтылды.]

Ай сайын бир нече күн орозо карма.

[Хадиси шарифте: "Ай сайын 3 күн орозо кармаган адам жыл бою орозо кармагандай болот”, - деп айтылды.]

Напсиңди эсепке тарт, илимди корго. Ушинтип амалыңдан эки дүнүйөдө пайдалан.

[Хадиси шарифте: "Акылдуу адам – напсин эсепке тарткан жана өлүмдөн кийинки нерсе үчүн амал кылган адам”, - деп айтылды.]

Дүнүйөлүк ниматка жана ден соолугуңа ишенбе.

[Хадиси шарифте: "Карылыктан мурда жаштыктын, оорудан мурда ден соолуктун, чолосуздуктан мурда бош убакыттын, кедейликтен мурда байлыктын, өлүмдөн мурда жашоонун баркын бил”, - деп айтылды.]

Бул нематтардын баарынан суракка тартыласың.

[Хадиси шарифте: "Кыяматта ар бир адам өмүрүн кайда өткөргөндүгү, мал-мүлкүн кайдан таап, кайда сарптагандыгы жана илими менен амал кылып же кылбагандыгы тууралуу суракка тартылат”, - деп айтылды.]

Жаман адамды жамандыгы менен эскербе, бир жакшылыгын тап, аны айт. Эгер жамандыгы динге байланыштуу болсо, бидат болсо, аны адамдарга айт жана аны ээрчүүдөн аларды сакта.

[Хадиси шарифте: "Бидаттар тараганда илими барлар муну баарына билдирсин. Эгер билдиришпесе Курани каримди жашырган болуп эсептелет”, - делди.]

Эч качан өлүмдү унутпа.

[Хадиси шарифте: "Өлүмдү көп эстегендин жүрөгү ихйа болот (тирилет), өлүмү да жеңил болот”, - делди.]

Курани каримди окууну улант.

[Хадиси шарифте: "Куран окулган үйдүн жакшылыгы артат, периштелер ал жерге чогулат, шайтандар ал жерден алыстайт. Куран окулбаган үй ичиндегилер үчүн тар болуп, санаа тарттырат, берекесиз болот. Бул үйдөн периштелер чыгат, шайтандар кирет ”, - делди.]

Бидатчылардан узак тур.

[Хадиси шарифте: "Бидатчынын жаназаларына барба, алар менен бирге намаз окуба. Мен алардан эмесмин”, - деп буюрулду.]

Күфүр эли (капырлар) менен зарыл болмоюнча сүйлөшпө. Эгер мүмкүн болсо аларды Исламга чакыр, болбосо алар менен дос болбо [диалог курба]. Энеңди, атаңды, устазыңды жакшы дубаңда унутпа. Азан окулганда даяр бол, баарынан эрте мечитке кел. Кабырларды зыярат кыл.

Кошунаңдан көргөн кемчиликтерди өзүңө аманат деп бил. Эч кимдин сырын эч кимге айтпа. Сени менен кеңешкен адамга чындыкты айт. Сараңдыктан сактан. Ачкөз адам мурувватсыз болот. Ар бир иште мурувватты сакта. Муктаж болсоң дагы эч кимден эч нерсе сураба. Эч кимден эч нерсе сураба, керек болсо да. Дүнүйө элине суктанба, кызыкпа.

Жолдо бара жатканда оңго, солго караба, алдыга кара. Кайрым берилген жерлерде баарынан көбүрөөк бер. Бир жамааттын ичинде турганда алар сунуш кылмайынча имам болбо. Аялдар, кыздар, жаштар чогулган жерлерге барба. Күнөө, музыкалык аспап, музыка жана башка арамдар бар көңүл ачуучу жерлерге кирбе.

Бул насаатыбызды чын жүрөктөн кабыл ал. Булар менен дүнүйө жана акыретиңди кооздо. Бул сенин жана ар бир адамдын жакшылыгы үчүн. Анткени, булар сенин жана баарынын жакшылы үчүн. Бул жолдо жүр жана баарына да сунушта.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш