Бир
күнү Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) Хазрети Алиге (каррамаллаху
важхаху ва радыяллаху анх) мындай деди:
"Эй,
Али! Сен намаздын парзына, важибине, сүннөтүнө, мустахабына көңүл бурушуң керек.”
Ансарлардан
бир зат айтты:
"Йа,
Расулаллах! Хазрети Али булардын баарын билет. Бизге намаздын парзына,
важибине, сүннөтүнө, мустахабына көңүл буруунун пазилетин баян кылып бериңиз.
Биз дагы ошого жараша амал кылалы.”
Расулуллах
(саллаллаху алейхи васаллам) мындай деп айтты:
"Эй,
менин үмөтүм жана сахабаларым!
-
Намаз - Аллаху азыйм-уш-шандын ыраазы болгон нерсеси.
- Периштелердин
сүйгөнү.
- Пайгамбарлардын
сүннөтү.
- Маарифаттын
нуру.
-
Амалдардын абзели.
- Дененин
кубаты.
- Ырыскынын
берекеси.
- Жандын
нуру.
- Дубанын
кабыл болушу.
- Өлүм
периштесине шапаатчы.
- Кабырда
чырак.
- Мункар
жана Накир периштелерине жооп.
- Кыямат
күнүндө үстүңөргө көлөкө.
- Тозок
менен араңардагы парда.
- Сырат
көпүрөсүнөн чагылгандай өткөрүүчү.
-
Жаннатта башыңарга таажы.
-
Жаннаттын ачкычы.”