Олуя заттар айтышкан: "Бул он нерсе кимде бар болсо Аллаху тааланын каарына себеп болот: 1-Кедейлерде
текебердик, 2-Аалымдарда ачкөздүк, 3-Аялдарда уяттуулуктун аздыгы, 4-Карыяларда дүнүйө
сүйүүсү, 5-Жаштарда жалкоолук, 6-Султандарда зулумдук, 7-Согушка баргандарда коркоктук,
8-Захиддерде ужб, 9-Абиддерде рия, 10-Байларда сараңдык.”
Хазрети Али бин Аби Талиб айтты:
"Илим – эң
жакшы мурас. Адеп – эң кирешелүү пайда. Такыбаа – (акырет үчүн)
эң жакшы азык, ибадат – эң жакшы капитал. Салих амал – Бейиш үчүн эң жакшы себеп. Көркөм
ахлак – эң
жакшы дос. Хилм – иштерде
эң жакшы вазир жана жардамчы. Аллаху тааланын бөлүштүрүүсүнө канаат кылуу – эң жакшы байлык, өлүм – эң жакшы
тарбиялоочу.”
Расул-и акрам (алейхиссалам) айтты: "Афият он нерседе болот. Булардын беши
дүнүйөдө, беши акыретте болот. Дүнүйөдө болгондору мына булар: 1-Илим, 2-Ибадат, 3- Халал ырыскы, 4-
Катуулук жана кыйынчылыктарга каршы сабыр, 5-Нематка шүгүр. Акыретте болгондору
мына булар: 1- Азраил алейхиссалам ага мээрим жана лутуф менен келет, 2-Мункар
жана Накир аттуу периштелер кабырда аны коркутушпайт, 3-(Капырларга
Жаханнамга баруулары буйрук
кылынган) эң чоң коркунучтуу учурда коркпойт, 4-Күнөөлөрү жок кылынып,
жакшылыктары кабыл алынат, 5-Сырат көпүрөсүнөн чагылгандай өтүп Бейишке
саламаттык менен кирет.”
Олуя заттардын бири
айтты: "Тообо кылган кезде акылдуу адамга мына булар керек: 1-Астагфируллахал
азим деп айтуу менен тили менен истигфар кылуу, 2-Өткөн күнөөлөрүнө жүрөгү
менен өкүнүү, 3-Бүт денеси менен күнөөлөрдөн арылуу, 4-Өлгөнгө чейин Аллаху
таала тыюу салган нерселерге кайтпоого белсенүү, 5-Акыретти жакшы көрүп
(акыреттик иштерге багытталып), дүнүйөнү жек көрүү, 6-Аз сүйлөө, зарыл болгон
учурда гана сүйлөө, 7-Аз жеп, аз ичүү, 8-Өзүн илим жана ибадатка тапшыруу.”
Энес бин Малик
(радыяллаху анх) мындай деди: "Жер күн сайын мына буларды айтат: Эй, Адам
баласы! Үстүмдө эмгектенип аракет кыласың, оңго-солго барып келесин. Ал эми,
айланып-тегеренип баары бир мага келесиң! Менин үстүмдө Аллаху таалага каршы
чыгасың, эртең болсо менин ичимде азапталасың! Азыр менин үстүмдө күлөсүң,
эртең менин ичимде ыйлайсың! Азыр менин үстүмдө шаттанасың, бирок, эртең ичимде
кайгырасың! Азыр үстүмдө мал-мүлк жыйнайсың, эртең ичимде жыйнаган бул
мал-мүлкүңдү Аллах жолунда сарптабаганың үчүн өкүнөсүң! Азыр менин үстүмдө
харам жейсиң, эртең сени курттар жейт! Азыр менин үстүмдө текеберленесиң,
бирок, эртең ичимде кор болосуң! Азыр менин үстүмдө басып жүрөсүң, эртең
мендеги бир чуңкурга түшөсүң! Азыр менин үстүмдө күн жана айдын нурунда басып
жүрөсүң, эртең менин ичимде караңгылыктардын ичине түшөсүң! Азыр адамдар
чогулган жерлерде басып жүрөсүң, эртең жалгыз каласың.”
Расулуллах
(алейхиссалам) мечитке кирген адам көңүл бурушу керек болгон маселелерди
билдирип жатып мындай деген: "Мечитке кирип жатканда оң бут менен кирүү керек.
Мечитке кирип жатканда "Бисмиллах ва саламун ала Расулиллах ва ала малаикатихи.
Аллахумма ифтах лана абваба рахматика иннака анталваххаб” деп айтуу керек.
Калима-и шахадат айтуу керек. Намаз окуп жаткан адамдын алдынан өтпөө керек.
(Алыш-бериш бөлүмү) Дүнүйөлүк иш менен алектенбөө керек. Дүнүйөлүк сөздөрдү
сүйлөбөө керек. Эки рекет намаз окумайынча (мечиттен) чыкпоо керек. Дааратсыз кирбөө
керек”.
Абу Хурайранын
риваятында келген хадиси шарифте Расул-и акрам (алейхиссалам) айтты: "Намаз –
диндин тиреги. Жүздүн көркү, жүрөктүн нуру. Дененин рахаты, асмандын ачкычы.
Таразанын оордугу, Кудайдын ыраазылыгы. Тозок отуна парда.”
Ибн-и Аббас (радыяллаху
анх) риваят кылды: "Расулуллах (алейхиссалам) бир күнү Иблистен: "Үммөтүмөн
канча досуң бар?” – деп сураганда, Иблис: "Үммөтүңөн досторум он, алар:
1-Заалым мамлекет башчысы, 2-Малын кайдан тапканына кайдыгер караган бай,
3-Эмирди зулумдугунда тастыктаган аалым, 4-Текебер адам, 5-Өлчөө, тараза жана
башка маселелерде кыянаттык кылган соодагер, 6-Сүткордук кылган адам, 7-Зина
кылган адам, 8-Пайыз жеген, 9-Малдын кайдан келгенине маани бербеген,
10-Ичкилик ичкен жана ага жардам берген адам”, - деди. Андан соң Расул-и акрам
Иблистен: "Үммөтүмөн канча душманың бар?” – деп сураганда, Иблис мындай деп
жооп берди: "Үммөтүңөн душмандарым мына булар: Эй, Мухаммед, биринчиси сенсиң.
Мен сага ачууланам. 2-Илими менен амал кылган аалым, 3-Курани каримдин буйруктары
жана тыюулары менен амал кылган Курани карим каарысы, 4-Беш убак намазда Аллах
үчүн азан айткан азанчы, 5-Кедейлерди, жакырларды жана жетимдерди сүйгөн,
6-Мээримдүү, 7-Хакка карапайымдык кылган, 8-Аллаху таалага ибадат кылган жаш,
9-Халал жеген, 10-Аллах үчүн бири-бирин сүйгөн эки момун, 11-Жамаат менен
намазга ынтаа койгон, 12-Адамдар уктап жатканда түнү намаз окуган, 13-Сөзүндө
жана ишинде өзүн харамдан алыс кармаган адам, 14-Жүрөгүндө кек, куулук сыяктуу
нерсе болбостон адамдарга насаат айткан, 15-Жоомарт адам, (Малынын бир бөлүгүн
берип, калган бөлүгүн калтырган, сеха ээси. Малынын эң көбүн берген жуд ээси,
зарыл абалга чыдап, башкасын артык көргөн исар ээси.) 16-Дайыма даараттуу
болгон, 17-Ахлагы көркөм болгон, 18-Аллаху тааланын ырыскы тууралуу берген
убадасын тастыктаган, 19-Оронгон жесир аялдарга жардам берген, 20-Өлүмгө
даярданган.”