Ислам дини » Кошумча темалар » Куштар эмне дешет?




Куштар эмне дешет?


Суроо: Куштар сайрап жатканда зикир кылышкандыгы чынбы?

ЖООП

Ооба, чын. Башка нерселерди айткандыктары да билдирилген. Имам Бегави хазреттери Каб-ул-Ахбар хазреттеринен накыл кылып айтат. Сулайман алейхиссаламдын билдиргенине караганда кээ бир куштар сайрап жатканда мындай деп айтышат:

Тоос: Жазаландыргандыгың сыяктуу жазаландырсын.

Сасык үпүп: Мээримдүүлүк кылбаганга мээримдүүлүк кылынбайт.

Тоңкулдак: Эй күнөөкөрлөр, Аллаху тааладан кечирим жана ырайым тилегиле!

Чыйырчык: Ар бир жандуу өлөт, аб бир жаңы нерсе эскирип чирийт.

Чабалекей: Эмне кылсаңар ошону табасыңар.

Көгүчкөн: Жерди асманды макулуктар менен толтурган Раббимди кемчилик сыпаттардан танзих кылам.

Бактек: Субхана Раббиййал-ала.

Карга: Аллаху таала ар нерсени халак кылат.

Кустат кушу: Унчукпагандар башына балээ жана кыйынчылык келүүдөн кутулат.

Тоту куш: Ой-санаасы дүнүйө болгон адамга кандай жаман!

Шумкар: Субхане Рабби ва бихамдихи.

Бул куштардын сайроолору, сүйлөшүүлөрү бир гана бул сөздөр жана маанилерге тийиштүү эмес. Намл сүрөсүндө кумурска менен сасык үпүптүн сүйлөшүүсү билдирилүүсүнөн муктаждыктарына карата үн чыгарып сайрашкандыгы, сүйлөшкөндүгү белгилүү болууда. Куштардын, калган жырткыч айбандардын үндөрү жана бул ааламдагы кыймыл-аракеттин бардыгы Аллаху тааланын пайгамбарларына жана олуяларына карата хитабы (кайрылуусу) болуп саналат. Олуялар бул үндөрдү жана кыймыл аракеттерди өз даражаларына жараша түшүнүшөт, себеби, пайгамбарлар болсо куштардын жана калган айбанаттардын тилдерин билишет. Олуялар болсо алардын тилдерин дал ошондой биле алышпайт. Бир гана алардын үндөрүнөн өздөрүнүн абалдарына тийиштүү болгондорун Аллаху тааланын көңүлдөрүнө илхам кылуусу менен түшүнүшөт. (Рух-ул-Баян, Пайг. Тарыхы Энц.)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш