Ислам дини » Кошумча темалар » Көп болгон нерсенин баасы билинбейт




Көп болгон нерсенин баасы билинбейт


Суроо: Өтө кымбат нерсе эгер көп боло турган болсо баалуу болобу?

ЖООП

Ооба, көп болсо да баалуу. Бирок, көп болгондуктан баалуулугунун баасы билинбейт. Бир канча мисал берели:

1- Көп адам беш маал намаз окубайт, бирок Айт намаздарын калтырбайт. Бирок, беш убакыт намаз – парз, Айт намазы болсо важиб, калган үч мазхабда болсо сүннөт.

2- Көп адамдар Айт майрамдарында куттукташып, кат жазышат. Бирок, динибизде Жума күнү Айт майрамдарынан да баалуу. Жума күнү аптада бир жолу келгендиктен анча эске алына бербейт. Бирок,Айт майрамы жылда эки жолу гана болгондуктан көбүрөөк маани берилет.

3- Ар качан жана ар жерде көп болгон абанын баасы билинбейт. Ошондуктан, бизге муну бекер берген Аллаху таалага шүгүр кылууну кээде оюбузга да албайбыз. А бирок, бир нече минут аба жетпей калса өлөбүз.

4- Кээ бир адамдар суу жок жерде жашап калганда кыйынчылык тартышат. Ал эми кийин суу көп болгон кезде да аны алып келгендерге рахмат айтууну да эстеп коюшпайт. Суу ниматын берген Аллаху таалага да шүгүр кылууга күчүбүз жетпейт. Себеби, эч качан суудан кыйналган эмеспиз. 

5- Көзүбүз дайыма көрүп тургандыктан көзүбүздүн көрүүсүнө шүгүр кылбайбыз. Кулак, тил жана калган бардык органдар да ушундай. Бул органдардын биринен айрылганда гана баасын түшүнөбүз. Ооруп калмайынча ден-соолуктун баасын билбейбиз. Акыл өтө чоң нимат болсо да акылынан ажыраган адамдарды көрмөйүнчө анын баасын билбейбиз. Жада калса, көрсөк дагы күлүп өтүп кетебиз. Баарынан маанилүүсү – бул туура ыйманга ээ  болуу жана бул жолдун улуу жол башчыларын таануу менен сыймыктануу болуп саналат.

6- Азыр жетимиш жаштагы адамдар бала кездеринде айылдарында электр тогу көрүшкөн эмес. Шам чырак менен жашашчу. Азыр болсо электр бар, бирок, көп болгондуктан анын баасын биле беришпейт. Бир гана свет өчкөн кезде түшүнүшөт. Ушундай эле күн бизге дайыма жарык берип турат, а бирок арабыздан канча адам "элхамдулиллах, бүгүн дагы күн чыкты” деп айтат. Аллаху тааланын мына ушунча сан жеткис жакшылыктары бар. Буларга шүгүр кылуу керек. 

7- Салам берүү жайылгандыктан көп адам саламдын маанисин биле бербейт. Салам берип жана алик алуу сообу фарз болгондуктан калган бардык нафил ибадаттардан жогору турат. Бир адам жер бетиндеги бардык кедейлердин курсагын тойгузса, баарына бирден үй берсе да баары бир саламдын сообуна жете албайт. Фарздын жанында бардык нафилдер деңиздин жанында бир тамчыга да татыбайт. Бардык нафилдердин бардык фарздардын жанындагы абалы мына ушундай.

Салам берип жатканда саламдын сүннөт экендигин ойлонуу керек жана ошол адамга дуба кылууга ниет кылуусу керек! Көнүмүш адат болгондуктан бул тарабын ойлонбостон салам айта салуу сооп болбойт. Бир жерге баратканда да, ал жерден кетип баратканда да салам берилет. Динибизде саламдын мааниси өтө чоң. Салам берүү сүннөт, ал эми алуу болсо фарз болгону менен саламда өзгөчө жагдай бар. Бул болсо салам берген адам да алик алган адам сыяктуу фарз сообун ала тургандыгы болуп саналат. Асхаб-ы кирам бир досуна салам берүү үчүн жолго чыгыша турган. Иштин кандай маанилүү экендигин билген адам бул чоң соопко жетүүнү кааламак.

Фарз казасы болгон адамдын да нафилдер менен алектене албай тургандыгы да мына ушундай улам болууда. Бирок, кээ бир акылсыздар деңизди таштап бир тамчынын артында чуркап, фарздын маанисин түшүнө албай жүрүшөт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш