Суроо: Аллахты, Расулуллахты, аалымдарды жана бир
адамды таануу кандай болот?
ЖООП
Таануу бул бир гана атын угуу эмес. Бир нече мисал
берели:
- Аллаху тааланы таануу үчүн ысым жана сыпаттары
менен бирге Ага ыйман келтирүү, буйруктарын жана тыйууларын кабылдап,
колдон келишинче ага баш ийүүгө аракет кылуу, Аны сүйүү жана кандай
билдирген болсо дал ошондой Андан коркуу, сүйгөндөрүн Анын ыраазылыгы үчүн
сүйүү, сүйбөгөндөрүн да Анын ыраазылыгы үчүн сүйбөө керек.
- Расулуллахты таануу үчүн Аллаху тааланын акыркы
Пайгамбары экендигине жана кабар берген нерселеринин бардыгы туура
экендигине ишенүү, Аны сүйүү, динибизге тийиштүү билдирген буйруктарды
жана тыйууларды кабыл кылып, аларга баш ийүүгө аракет кылуу.
- Бир аалымды таануу үчүн алгач чыныгы аалым экендиги
же эместиги такталат. Ижазаты жана Расулуллахка чейинки силсиласы
(кылкасы) бар болгон аалым жана олуя зат экендигин түшүнгөндөн кийин
Расулуллахтын мурасчысы экендигине ишенүү, аны сүйүү, китептеринде
билдирген нерселерин кабыл кылып баш ийүү керек. Эгер булар аткарылбаса
анда ал аалымды тааныган болбойбуз. Аалымдын китебин таануу болсо ал
китепти окуу, ичиндегилерди түшүнүп ошолор менен амал кылуу болуп саналат.
Окубаган болсок же окусак деле ичиндеги маалыматтар менен амал кылбай
жаткан болсок, анда ал китепти тааныган болбойбуз.
- Бир адамды таануу дагы көзү-кашын билүү дегендикте
эмес. Салихпи же фасыкпы? Жакшы мүнөздүүбү же жаман мүнөздүүбү? Жоомартпы
же сараңбы? Жалкообу же эмгекчилби? Аалымбы же жахилби? Жардам кылууну
жакшы көрөбү? Сөз ташыбайбы? Жалганчы эмеспи? Сыр сактай алабы? Ушул
сыяктуу өзгөчөлүктөрү билинбесе ал кишини тааныган болбойбуз.
Бир аалым өзүн мактап жаткан адамга айтат:
"Мени эмне үчүн мактап жатасың? Мени
жумшак адам дегидей ачууланган кезимде тажрыйба кылып көрдүң беле? Мени жакшы
адам дегидей мени менен сапарга чыгып көрдүң беле? Аманатка саксың дегидей мага
аманат тапшырып көрдүң беле? Билбей туруп мени мактаганың туура эмес.”
Хазрети Умар күбөлүк үчүн бир адамга: "Сени
тааныган бир адамды алып кел”, - дейт. Ошол жердеги бир киши: "Мен аны
тааныйм”, - деп ортого чыгат. Хазрети Умар: "Бул адамды кандай адам деп
билесиң?” – деп сурайт. Ал адам: "Ишеничтүү, адилеттүү адам деп билем”, -
деп жооп берет. Хазрети Умар: "Жакын коңшуңбу? Күнү-түнү эмне кылып
жүргөнүн билесиңби? Мунун мүнөзүн түшүнө алгыдай узак жолчулукта бирге болдуң
беле?” – деген сыяктуу суроолорду сурайт. Ал киши "жок” деп жооп бергенде:
"Сен аны тааныбайсың”, - деп буюрду.
Бир адамды мыкты тааный алуу үчүн өзгөчө мына бул
беш нерсе маанилүү:
- Ал киши менен бир-нече жолу соода-сатык кылуу,
иштин ичинде акча болуу керек. Акчага маани берип же бербегендиги билинүүсү
керек. Акча үчүн бизди сатып же сатпай тургандыгы билинүү керек. Акча
сураган кезде капчыгын дароо алдыбызга таштайбы же акча бербөө үчүн түрдүү
шылтоолорду ойлоп чыгабы? "Сенин оокатың сеники, меники болсо меники”
деп айтабы? Же "сеники да меники, меники ансыз деле меники” деп
айтабы? Же болбосо, "акча эмне болуптур, меники да сеники, сеники да
сеники” деп айта алабы?
- Бир нече жолу сапарга чыгуусу керек, жолго чыккан
кезде жүгүн бизге көтөртүүдөбү же тескерисинче биздин жүгүбүздү да көтөрүп
жүрүүдөбү? Биз үчүн кандай кыйынчылыктарга кире алууда?
- Ачууланган кезде же кадимки кезде абалы өзгөрөбү?
Ачууланган кезде ынсап же адилеттен алыстайбы? Ачуулануусу дүнүйө үчүнбү
же акырет үчүнбү?
- Бир нече жолу бирге тамак жеши керек, тамакта өзүн
ойлойбу же бизди ойлойбу? Тамактын жана жемиштердин жакшыларын өзүнө
тандайбы? Же биздин жакшылап тоюшубуз үчүн өзү тамак жеп жаткандай көрүнүүдөбү?
- Аллахтын ыраазылыгын бардык нерседен жогору
кармайбы? Аллах жолунда малын-жанын каржай алабы? Намаздарында бир
кемчилик байкалабы?
Мына ушундайча
ал адам тууралуу жетиштүү маалымат алып, аны тааныган болобуз.