Ислам дини » Кошумча темалар » Жер титирөө менен күнөөнүн байланышы




Жер титирөө менен күнөөнүн байланышы


Суроо: Жер титирөөлөрдүн себеби эмне? Өлгөндөр шейит болобу? Жер титирөөдөн качпаган адам өзүн өзү өлтүргөн болуп эсептелеби? Көп адам өлгөн болсо баарын бир жерге көмүүгө болобу?

ЖООП

Көбүнесе жер титирөөлөр илахий эскертүү болуп эсептелет. Аалымдар: "Эки "з" болгон кезде үчүнчү "з" келет”, - дешкен. Б.а., Зулумдук жана Зина көбөйгөндө Зилзала (жер титирөө) болот. Хадиси шарифтерде айтылган:

"Зина көбөйгөн кезде жер титирөөлөр көбөйөт.” [Дайлами]

"Күнөөлөр ачыктан ачык кылына баштаган кезде жакшы жаман бардыгы бир азапка дуушар болушат.” [Таберани]

Жер титирөөлөр кыяматтын белгиси. Бухаридеги хадиси шарифте: "Жер титирөөлөр көбөймөйүнчө кыямат башталбайт”, - деп айтылган. Кыяматтын качан боло тургандыгы билдирилген эмес.

Бирок, Пайгамбарыбыз бир нече белгилери тууралуу кабар берген:

"Махди келет, Иса көктөн түшөт, Дажжал чыгат. Йажуж жана Мажуж бардык жерди бузат. Күн батыштан чыгат. Чоң жер титирөөлөр болот. Дин маалыматтары унутулат. Жамандык көбөйөт. Динсиз, ахлаксыз адамдар Амир болот, Аллаху тааланын буйруктары аткартылбайт. Ар тарапта харамдар жасалат, Йеменден бир от чыгат. Асман жана тоолор талкаланып бөлүнөт. Күн менен ай караят. Деңиздер бири-бирине кошулат жана кайнап курушат.”

Илахий эскертүү:

Адамдар Аллаху таалага каршы келүүдөн баш тартуулары үчүн илахий эскертүү болгон жер титирөөдөн сабак алуулары керек. Сел, жер титирөө, кургакчылык сыяктуу илахий азаптардын кээде болуп турушу Аллаху тааланын чексиз жакшылыктарына каршы чыккандарды эскертүү үчүн жиберилет. Эч бир жакшылык жана азап себепсиз болбойт. Ойлонгондор үчүн канчалаган хикматтары (сырлары) бар. Күнөөлөрдүн кечирилүүсүнө себеп болгону сыяктуу эле андан башка да хикматтары бар. Хадиси шарифте мындай деп айтылган:

"Үммөтүм үчүн жер титирөөлөр күнөөлөргө каффарат болот”. [Хаким]

"Аллаху таала жер титирөөлөрдү жакшыларга үгүт, момундарга рахмет, капырларга азап кылат.” [И.Асакир]

Аалымдар: "Коркунучтардан күчүңөрдүн жетишинче сактангыла. Себеби, күчү жетпеген, чыдагыс нерселерден алыстоо Пайгамбарлардын адаты”, - деп айтышкан.

"Жабык жерде турган кезде жер титирөө болсо ал жерден ачык жерге качуу мустахаб”. (Баззазаййа)

"Жер титирөө болгондо үйдөн чыгып ачык жерге баруу керек. Пайгамбарыбыз жолдо кыйшайып калган дубалдын алдынан жүгүрүп өткөн.” (Хиндиййа)

Бул фатвалардан түшүнүктүү болгондой жер титрөөдөн качпаган адам өзүн өзү өлтүргөн болуп саналбайт. Мустахабды таштаган болот. Жер титирөөдөн качпаган адам сөзсүз өлөт деген нерсе жок. Жер титирөөдө өлгөн адам ыймандуу болгон болсо сөзсүз шейит болот.

Хадиси шарифте: "Сууга чөккөн, өрттөн өлгөн, дубалдын, урандынын астында калып өлгөн адам шейит”, - деп айтылган. (Ибни Асакир)

Зарыл болбостон бир кабырга эки кишини тең көмүүгө болбойт. Бир гана зарылчылыктар харамдарды мубах кылат. Зарылдык болгон кезде бирге көмүүгө болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш