Ислам дини » Кошумча темалар » Күнөө кылууга байланыштуу түрдүү суроолор




Күнөө кылууга байланыштуу түрдүү суроолор


Суроо: Мусулман эмес жаш жигит мага: "Баланча күнөөнү кылсаң мусулман болом”, - деди. Мен болсо: "Сурап көрөйүн”, - дедим. Бирөөнөн сурадым. "Бир адамдын хидаятына себеп болуу дүнүйөдөгү бардык нерседен баалуу болот. Күнөөнү кыла бер, тообо кыласың”, - деди. Мен мурдагы жазган макалаларыңардан мунун жаиз болбой турганын (туура эмес экендигин) түшүнгөн элем. Күнөө кылуу аркылуу ибадат кылууга болбой тургандыгын жазган элеңер. Капыр адамдын мусулман болуусу үчүн күнөө кылуу жаизби?

ЖООП

Эч качан жаиз болбойт. Динибизде күнөө кылбоо ибадат кылуудан да баалуу. Хадиси шарифте: "Кымындай болгон бир күнөөдөн тыйылуу бардык жин жана адамдардын нафил ибадаттарынан да жакшыраак”, - деп билдирилди. Ар бир күнөө Аллаху таалага каршы чыгуу болгондуктан чоң болуп саналат. Бирок, айрымдары башкаларына караганда кичине болуп көрүнөт. Кичине бир күнөөнү кылбоо бардык нерселердин нафил ибадатынан да сооптуу. Анткени, нафил ибадатты кылуу фарз эмес. Күнөөлөрдөн сактануу болсо фарз. (Рыяд-ун Насихин)

Бидат кылуу болсо чоң күнөөлөрдөн дагы кооптуураак. Ошондуктан, динге кызмат кылуу ниети менен бидат кылууну мубах деп эсептебөө керек.

Айрым жахил кишилер да тасбих намазын жамаат менен окуй алуу үчүн намазга турушуп, кийин атайын бузушат экен. Ушинтип бул намазды окууну өздөрүнө важиб кылышат экен. "Важиб болгондуктан жамаат менен окулат”, - деп тасбих намазын жамаат менен окушат экен. Важиб болсо жамаат менен окулбайт. Жада калса, витир намазы дагы важиб болгону менен Орозо айынын сыртында жамаат менен окулбайт. Андай болсо тасбих намазы кантип жамаат менен окулсун?

Бир намазды атайылап бузуу харам жана чоң күнөө. Бир харамдан сактануу миллион жолу нафил намаз окуудан жакшыраак. Харам кылуу аркылуу фарз, макрух кылуу аркылуу сүннөт орундалбайт. Күнөөдөн сактануу ибадат кылуудан мурда келет. (Уйун-ул Басаир)

Хадиси шарифте мындай деп айтылды: "Аз бир харамдан сактануу 80 миң нафил ажылык сообунан жакшыраак." (Дайлами)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш