Ислам дини » Кошумча темалар » Ийгилик Аллахтан




Ийгилик Аллахтан


Суроо: Бир киши Худ сүрөсүнүн 88-чи аятындагы "Ийгилик бир гана Аллахтан” деген сөздөн ийгиликти Аллаху таала бере турганын, ийгиликтүү болуу үчүн аракет кылып иштөө керек эмес деп айтты. Ийгиликтүү болуу үчүн аракет кылып иштөө керек эмеспи?

Жооп

Аят жана хадистерден мындай өкүм чыгаруу абдан жаңылыш болот.

Жакшыны дагы, жаманды дагы Аллах жаратат. Кул жакшыны же жаманды каалайт, Аллаху таала да кааласа кул ирада-и жузиййасы менен аны кылат. Аллах уруксат бербесе кул жакшыны да, жаманды да кыла албайт. Ошондуктан, Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Жакшы да, жаман да Аллахтан”, - деп айтты. Болбосо эч кимди мажбурлап жакшылык же жамандык кылдырбайт. Эгер андай болгондо жамандык кылган адам: "Баланчага жакшылык кылдырдың, мага эмнеге жамандык кылдырдың?” – деп айтмак. Жабрийа фыркасы (тобу, сектасы) жакшыны да, жаманды да Аллах мажбурлап кылдырат деп айтышат. Мутазила фыркасы болсо жакшыга да, жаманга да Аллах аралашпайт, экөөнү тең кулдун өзү жаратат дешет. Мунун экөөсү тең жаңылыш. Эң туурасы ахли сүннөт ишеними болуп саналат.

Ийгилик Аллаху тааладан болгондугу сыяктуу Аллахтан болбогон эч бир нерсе жок. Эки аяттын мааниси:

"Силерди да, силердиң ишиңерди да Аллах жараткан.” [Саффат сүрөсү, 96]

"Аллах – бардык нерселердин Жаратуучусу.” [Зумар сүрөсү, 62]

Эки хадиси шарифтин мааниси төмөндөгүдөй:

"Бардык иштер Аллаху тааладан; жакшы болгону да, жаман болгону да.” [Табарани]

"Аллаху таала айтат: "Мен ааламдардын Раббисимин, жакшыны да, жаманды да жалгыз мен гана дайындаймын.” [И. Нажжар]

Бардык нерседе болгон сыяктуу ийгилик дагы Аллахтан. Мусулман ийгиликтүү болуу үчүн аракет кылып эмгектенүүгө тийиш. Хадиси шарифтерде айтылды:

"Аллаху таала жакшылыкты мурат кылган адамды жакшы иштерди кылууда ийгиликтүү кылат.” [Хаким]

"Ар ким өзүнө эмне тагдыр кылынган болсо ошол иште ийгиликтүү болот.” [Табарани]

"Аллаху таала сабыр кылганды ийгиликтүү кылат.” [Хаким]

Имам Раббани хазреттери да айтат:

"Бардык адамдардын муктаждыктарын кетирүү үчүн Аллаху таала сизди ийгиликтүү кылыптыр. Аллаху таала ийгилигиңизди арттырсын.” (Ислам Ахлагы)

Ийгиликке жетүү үчүн аракет кылып иштегендин эмгегин Раббибиз текке кетирбейт. Эки аяттын мааниси:

"Биз жакшылык үчүн эмгектенгендердин сообун, сыйлыгын текке кетирбейбиз.” [Араф сүрөсү, 170]

"Ар бир инсанга дүнүйөдө эмгектенип кылган иштеринин гана пайдасы тийет.” [Нажм сүрөсү,39]

Жогоруда келтирилген далилдер турса дагы "ийгиликке жетүү үчүн аракет кылып иштөөнүн кереги жок" деп айтуу жахилдик болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш