Ислам дини » Кошумча темалар » Белам-ы Баура ким?




Белам-ы Баура ким?


Суроо: Кээ бир жазуучулар баддуба кылган (каргаган) Белам деп жаман бирөө тууралуу жазышат. Ахли сүннөт аалымдарына дагы Белам деп тил узаткандар бар. Бул Белам деген ким?

ЖООП

Асыл аты Белам-ы Баура, Муса алейхиссалам заманында жашаган. Исм-и а'замды билген, ар дубасы кабыл болгон чоң аалым болгон. Илим даражасы ушунчалык бийик болгондуктан жанында сөздөрүн жазыш үчүн эки миң киши жүрчү. Атагы туш тарапка жайылган эле. Ал турган Белка шаарынын акими Белак Хазрети Мусанын аскерлеринин шаарга кирбөөлөрү үчүн дуба кылуусун каалайт. Өлүм менен коркутат. Жанынан коркуп, элдин парасына алданып Муса алейхиссаламга баддуба кылды (каргады). Натыйжада тили көкүрөгүнө чейин салаңдап жабышты. Муса алейхиссаламдын аскерлери тарабынан өлтүрүлдү. Момундарга баддуба кылгандыгы үчүн илахи азапка дуушар болду. Тили салаңдап көкүрөгүнө жабышты. «Андайлар ит сыяктуулар» деп тилден тилге өттү. Курани каримде да ал тууралуу мындай мааниде билдирилген:

«Ал дүнүйөгө берилди жана напсинин каалоосуна баш ийди. Анын ибрет берүүчү абалы үстүнө барсаң да, өз абалына калтырсаң да тилин салаңдатып соолуган итке окшойт.» [Араф 176]

Мусулман адам Белам сыяктуу бирөөнө баддуба кылбайт, лаанат окубайт. Бир согушта капырлардын жок болуусу үчүн Пайгамбарыбыз алейхиссаламдан баддуба кылуусун сурашканда: «Мен лаанат кылыш үчүн жиберилбедим. Мен баарына жакшылык кылуу үчүн, адамдардын тынчтык табуулары үчүн жиберилдим», - деп буюрду. Курани каримде: «Сени ааламдарга рахмет, жакшылык үчүн жибердик», - деп буюрулууда. (Анбия 107)

Ахли сүннөт аалымдары Расулуллах алейхиссаламдын мурасчылары болуу менен бирге бардыгы тең күзгү сыяктуу. Бул дин улууларына тил тийгизгендер – Белам. Ошол күзгүлөрдө өз кейпин көрүшүп, өздөрүн сүрөттөшүүдө.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш