Ислам дини » Кошумча темалар » Аялдардын эң жогорулары




Аялдардын эң жогорулары


Суроо: Хазрети Рабия сыяктуу олуя аялдар же Хазрети Мариям сыяктуу Куранда макталган аялдар сахаба болгон аялдардан жогорубу?

ЖООП:

Эч бир олуя аял Асхабы кирам арасындагы аялдардын даражасына чыга албайт. Асхабы кирамдын эң төмөнкү даражасындагы бир сахаба, сахаба болбогон эң жогорку олуядан да жогору. Хазрети Мариямдын абалы өзгөчө. Аны пайгамбар деген аалымдар да болгон. Алгач хадиси шарифтер менен макталган кадырлуу аялдар тууралуу айталы.

Айша Сыддыка

Расулуллах алейхиссаламдын эң сүйүктүү аялы. Өтө акылдуу, зирек, аалым, адептүү, намыстуу жана салиха эле. Эсте сактап калуу жөндөмү өтө күчтүү болгондуктан Асхабы кирам көптөгөн маселелерди андан сурап үйрөнүшчү эле. Никеси Аллаху тааланын буйругу менен кыйылган. Аяттар менен да макталган. Хадиси шарифтерде мындай айтылат:

«Эркектерден вазирим – Зубейр бин Аввам, аялдардан – Айша.» (Дайлами!)

«Эркектер арасында жогору болгон көптөгөн адамдар бар. Бирок, аялдардан фараондун аялы Асия, Имран кызы Мариям жана Айшадан башка жогору аял жок. Айшанын башка аялдар арасындагы жогорулугу тирит тамагынын башка тамактардын алдында жогорулугу сыяктуу.» (Бухари)

(Тирид – эң баалуу эт тамак.)

«Баарынан Айшаны өтө жакшы көрөмүн, эркектерден анын атасын жакшы көрөмүн.» (Бухари, Ибн Мажа)

Расулуллах: «Аллаху таала мени өзүнүн нурунан жаратты. Менин нурумдан Абу Бакрды, анын нурунан Омар менен Айшаны жаратты. Омардын нурунан момун эркектерди, Айшанын нурунан момун аялдарды жаратты», - деп айтып, кийин Нур сүрөсүнүн «Аллах бир адамга нур бербесе, ал нурдуу боло албайт» деген маанидеги 40-аятын окуду. (Лубаб-ул-албаб)

Расулуллахтын жубайлары менен кыздары бүткүл аялдардан жогору. Ибн Аббас: «Расулуллахтын жубайларын жамандаган адамдын тообосу кабыл болбойт», - деген. Айша энебизди жамандоо Курани каримге каршы чыгуу болуп саналат, мунун куфур экендигинде сөз биримдиги бар. (Мират-ы каинат)

Хазрети Айша энебизге жалаа жабылгандан бир аз убакыттан кийин Сүйүктүү Пайгамбарыбыз: «Сүйүнчү сага, эй, Айша! Аллаху таала сенин таза экендигиңди ачыктады», - деп, Нур сүрөсүнүн 11-аятынан баштап он аят окуду. (Мадариж-ун-нубува)

Фатима-туз-зехра.

Расулуллах алейхиссаламдын эң сүйүктүү кызы. Акылы, зиректиги, сулуулугу, такыбаалыгы мол эле. Жүзү ак жана нурдуу болгондуктан «Захра» деп аталды. Хадиси шарифтерде мындай деп айтылган:

«Хатижа – өз заманындагы аялдардын эң жакшысы. Мариям – өз заманындагы аялдардын эң жакшысы. Фатима – өз заманындагы аялдардын эң жакшысы.» (Табарани, Баззар)

«Бир периште келди. Хасан менен Хусейндин Жаннат жаштарынын сеййиди, Фатиманын болсо Жаннат аялдарынын сеййидеси экенин сүйүнчүлөдү.» (И.Асакир)

«Фатима – Имран кызы Мариям, фараондун аялы Асия жана Хувайлид кызы Хатижадан кийин бүткүл аялдардын сеййидеси.» (Ибн Аби Шайба)

Хазрети Али менен балдары Расуллуллахтын мубарек канынан болгондугу үчүн Хазрети Абу Бакр менен Хазрети Омардан жогорураак деп айтылуусу мүмкүн болсо да, бул үстөмдүктөрү бардык адамдардан жогору деген мааниде эмес. Хазрети Хызырдын (Кыдыр) Хазрети Мусага бир нече маселени үйрөтүүсүнө окшойт. Кан жагынан жакыныраак адам жогорураак болгондо Хазрети Аббас Хазрети Алиден жогорураак болмок. Ал эми кан жагынан өтө жакын болгон Абу Лахабда момундардын эң төмөнкүсүндө болгон кадыр-барк менен жогорулуктун эч бири жок. Кан аркылуу жакын болгондуктан Хазрети Фатима Расулуллахтын жубайларынан жогорураак. Бирок, бул бир гана жагынан үстөмдүк, бардык жагынан жогору болуусун көрсөтпөйт.

Хатижа-тул-Кубра

Расулуллах алейхиссаламдын алгачкы жубайы. Өтө бай, аалым жана акылдуу эле. Бүткүл мал-мүлкүн Расулуллахка арнады. 24 жыл бою өтө жакшы кызмат кылды. Бир да жолу таарынтпады. Алгачкы ыйманга келген эркин аял. Расулуллах алейхиссаламдын кайтыш болгонуна чейин ар дайым аны мактап жүрөр эле. Ошондой бир күнү үйдө мактап жаткан кезде Айша энебиз чыдай албай: «Хак таала сизге андан да жакшысын берди», - деди. «Жок, баары мени жалганчы деген күндөрдө ал мага ишенди. Баары мага жапа тарттырган кезде ал мага жар болду», - деди. Бир хадиси шарифтин мааниси мындай:

«Жаннат аялдарынын эң жогорусу – Хувайлид кызы Хатижа, Мухаммед кызы Фатима, Имран кызы Мариям жана Музахим кызы Асия.» (И.Ахмед, Таберани, Хаким)

Имран кызы Мариям

Иса алейхиссаламдын энеси. Давуд алейхиссаламдын урпагынан болгон Имран менен Хуннанын кызы эле. Аллаху таала ага атасыз Иса алейхиссаламды берди. Бир хадиси шарифтин мааниси мындай:

«Аллаху таала мени Жаннатта Имран кызы Мариям жана Музахим кызы Асия менен никеледи.» (И.Сунни)

Курани каримде мындай деп айтылат:

«Рабби Мариямга жылуу жүз көрсөттү, аны сулуу өсүмдүк сыяктуу жетилдирди. Закарияны да ага кароого милдеттендирди. Закария анын жанында, ибадатканага ар киргенинде ошол жерде бир ырыскы тапчу жана "Эй, Мариям, бул сага кайдан келди?” - деп сурайт. Ал жооп катары: "Бул Аллах тарабынан келди. Аллах каалаганына сансыз ырыскы берет”, - деди.» (Али-Имран, 37)

«Периштелер мындай деди: Эй, Мариям! Аллах сени тандады, сени таптаза жаратты жана сени бүткүл дүнүйө аялдарынын баарынан жогору кылды.» (Али-Имран, 42)

«Намысын сактап калган Мариямга рухубуздан үйлөдүк, аны жана баласын бүткүл ааламга үлгү кылдык» (Анбия, 91)

«Имран кызы Мариям чын көңүлү менен баш ийгендерден эле.»(Тахрим, 12)

Кээ бир аалымдар да Хазрети Мариямдын бүткүл аялдардын эң жогорусу экенин билдирген. Бул да бир тараптан жогорулук. Хадиси шарифтерде мындай делет:

«Жаннат аялдарынын сеййиделери - Имран кызы Мариямдан кийин Фатима, Хатижа жана фараондун аялы Асия.» (Табарани, Хаким)

«Фатима Имран кызы Мариямдан башка Жаннат аялдарынын жогорусу.» (Хаким)

Музахим кызы Асия

Эң жогору аялдардын бири. Бир аяттын мааниси мындай:

«Аллах ишенүүчүлөргө фараондун аялын (Асияны) мисал көрсөттү: Ал "Раббим, даражаңдан мага Жаннатта бир үй жаса, мени Фараондон жана анын (жаман) иштеринен корго, мени заалым калктан куткар”, - деген эле. (Тахрим, 11)

Имам Раббани хазреттери мындай деген:

Ахли сүннөт аалымдары айткан: Илимде жана ижтихадда Хазрети Айша, Хазрети Фатимадан жогору. Илимде жана ижтихадда Хазрети Айша, ал эми такыбаалык менен дүнүйөлүктөн үзүлүүдө Хазрети Фатима жогорураак. Ушул себептен Хазрети Фатимага Батул, тактап айтканда «таза» деген. Хазрети Айша Асхабы кирамга Ислам динин үйрөтчү. (2/67)

Расулуллах алейхиссаламдын неберелеринен Сеййид Абдулкадир Гейлани хазреттери болсо: «Айша энебиз бүткүл аялдардан жогору», - деген. (Гунйа)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш