Ислам дини » Кошумча темалар » Нафс-и аммара жана акл-ы салим




Нафс-и аммара жана акл-ы салим


Суроо: Нафс-и аммара деген эмне? Мындан кантип кутулса болот?
ЖООП

Нафс-и аммара шахваттарга жетүү жана ачуусу келгендер менен урушуу үчүн эч бир чек, өлчөм дегенди билбейт. Кылган иштери дайыма ашыкча жана зыяндуу болот. Мисалы, айбан суусуганда таза сууну оңой эле табат дагы ичет. Суусуну канып тойгондон кийин ичпейт. Ал эми адамдын напси болсо тойгондон кийин да ичирет. Мал-жаныбар ачка болгондо оттойт. Тойгон кезде жатып уктайт. Адам баласы болсо ачка болгон кезде жерден тапканын ылгабай жей албайт. Тапкан нерселеринин арасынан жегиликтүүсүн тандап, тандаганын тазалап-жууп бышыруусу керек. Напси болсо бул машакаттуу иштерди кубануу менен аткарат. Бирок, жактырган нерсесин тойгондон кийин дагы жедирет.

Аллаху таала мээрими чексиз болгондуктан ар бир доордо жиберген Пайгамбарлары аркылуу напсинин адамды жамандыктарга жетелеп кетүүсүнө тоскоол болуу максаты менен анын каалоо-арзууларын ооздуктап чектей турчу, ошону менен катар напсини тазалап аммаралыктан (б.а., чегинен чыгып кетүүдөн) куткарчу буйрук жана тыюуларды жиберди (б.а., диндерди жиберди). Эң акыркы болуп Ислам динин жиберди, мурдагыларын болсо өкүмүн жоюп, колдонулуудан чыгарган. Мурунку келген диндер эч өзгөрбөгөн болсо дагы, 4 Инжил эмес 1 Инжил болсо дагы мындан ары алар менен амал кылуу жаиз болбойт.

Бир адам ишин аткарып жатканда Исламиятка моюн сунса ал адамдын напси аммаралыктан кутулуп, мутмаинна болот. Ошондо кумарын жана ачуусун пайдалуу өлчөмдө иштете алат.

Нафси аммара кумарды жана ачууну чегинен ашыкча иштетип жибергендиктен буга баш ийүү напсиге таттуу сезилет. Ислам дининин өкүмүнө моюн сунуу болсо бул каалоо-арзууларын ооздуктагандыгы үчүн напсиге оор сезилүүдө. Мына ушул үчүн адам Ислам динине моюн сунгусу келбейт. Напсиге моюн сунууну каалайт. Напсине моюн сунган киши болсо жамандыктарга жетеленет.

Аллаху тааланын мээрими чексиз болгондугу үчүн адам баласында бакытты жамандыктан, туураны ийриден жана пайдалууну зыяндуудан айырмалай алчу дагы бир кубатты жаратты. Бул өтө баалуу кубат – Акыл. Жаңылбаган акыл Акл-ы салим деп аталат. Акл-ы салимге ээ болгон киши напсине моюн сунбай Ислам өкүмдөрүнө моюн сунат. Акылын укпаган адам напсине баш ийет.

Калб (б.а., көңүл) болсо напсиге дагы, сезүү органдарына дагы баш ийет. Сезүү органдары эмне менен дайым алек болгон болсо көңүл дагы мына ошого байланат. Адам жакшы бир нерсени көргөндө, жакшы бир нерсени укканда, таттуу бир нерсе алганда көңүл ушул нерселерге байланат. Бул сүйүү адамдын өз колунда эмес. Адам жакшы бир нерсени окуганда көңүл булардын маанилерине, аны жазган кишиге байланат. Жакшы, сулуу, таттуу деген сөз көңүлгө жакшы, таттуу сезилген нерсе дегенди билдирет. Адам баласы көбүнесе чыныгы жакшылыкты (сулуулукту) түшүнө албайт. Напсиге жакшы сезилген нерсе менен көңүлгө жакшы сезилген нерсени бири-бири менен чаташтырып жиберет. Эгер кишинин көңүлү кубаттуу болсо чыныгы жакшы нерсени түшүнүп, ошону жактырат, ошону сүйүп, ошого байланат.

Аяти карималар, хадиси шарифтер, Олуя заттардын сөздөрү, дуба, таспих сыяктуу баалуу нерселер негизи жакшы. Булар өтө таттуу. Көңүлдүн напсиге болгон байланышы азайып, напсинин колунан кутулганда буларды окуган, уккан кезде алардын сулуулугун түшүнүп ошого байланат, муну өзү да байкабай калат. Курани каримди окуганда же тыңдаганда, зикир чалганда, ибадат кылганда Аллаху тааланы сүйөт.

Көңүлдү напсинин колунан, напсинин курчоосунан куткаруу үчүн напсини басынтып, көңүлдү ойготуп кубаттантуу керек. Бул болсо Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссаламга моюн сунуу аркылуу ишке ашат.

Мухаммед алейхиссаламга баш ийип, көңүлүн өз напсинин тырмагынан ажыратып куткаргысы келген киши олуя заттардан биринин өмүр баянына жакшылап сереп салса анын Расулуллахтын мурасчысы, Аллахтын сүйүктүү кулу экендигин түшүнөт. Аллаху тааланы өтө сүйсө Аллаху тааланын сүйгөнүн да сүйөт. Бирок, Ахли сүннөт аалымдарынын жолунда жүрбөй турган болсо адам сүйүүдө жаңылышы мүмкүн. Напси сүйгөн нерселерди көңүл сүйгөн нерселер экен деп ойлоп калат, минтип алдангандар көп болгон жана жамандыктарга жетеленишкен. Ошондуктан, динибизди жакшылап үйрөнүү жана напсини жакшылап тааныш керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш