4 нерсе денеге кубат берет:
		
- Бал
	
- Атыр жыт сүрүнүү
	
- Жетиштүү жуунуу
	
- Жумшак кездемеден сулуу көйнөк кийүү
	
4 нерсе денени алсыратат:
		
- Артыкча ой
	
- Ашыкча кычкыл жеп-ичүү
	
- Ач карынга суу ичүү
	
- Ашыкча кошулуу
	
4 нерсе көзгө кубат берет:
		
- Сурма тартуу
	
- Жашылды кароо
	
- Аккан сууну кароо
	
- Халал болгон сулуу жүздү кароо
	
4 нерсе көздүн нурун азайтат:
		
- Ыплас нерселерди кароо
	
- Өлүм менен жазаланганды  кароо
	
- Харамды кароо
	
- Каабага карата аркасын салып отуруу
	
4 нерсе акылды көбөйтөт:
		
- Керексиз сүйлөбөө
	
- Мисвак колдонуу
	
- Аалым жана салихтер менен бирге болуу
	
- Күнөө кылбоо