Ислам дини » Кошумча темалар » Ар иште ийгиликтүү болуш үчүн




Ар иште ийгиликтүү болуш үчүн


Суроо: Ар иште ийгиликтүү болуш үчүн эмне кылыш керек?

ЖООП

Пайгамбарыбыз «саллаллаху алейхи ва саллам» мындай деп буюрду:

«Бул үч нерсени кылгандар ар иште ийгиликтүү болушат:

1- Кыла турчу иштерин Аллах ыраазылыгы үчүн кылышса,

[Адам баласы же Аллах ыраазылыгы үчүн кылат, же напсинин каалоосу, б.а., адамдардын ыраазылыгы үчүн кылат. Аллаху тааланын ыраазылыгын унутуп адамдардын ыраазылыгын тандагандарды Аллаху таала адамдарга таштайт, бирок, адамдардын ыраазылыгын эмес Аллаху тааланын ыраазылыгын тандагандарды өз коргоосуна алат. Ким Аллах үчүн болсо Аллах да ал адам үчүн.]

2- Биримдик жана ынтымак ичинде болушса,

[Бул денелеринин бир жерде бирге болуусу дегенди эмес, көңүлдөрдүн бирге болуусу, максаттардын орток болуусу дегенди түшүндүрөт.]

3- Тууралыктан (чынчылдыктан) эч айрылышпаса.»

Демек тууралыктан айрылбастан биримдик ичинде кылына турчу ишти Аллах ыраазылыгы үчүн кылгандар ар иште ийгиликтүү болушат.

Ийгиликтин сыры

Суроо: Ийгиликтүү болуунун сыры эмне?

ЖООП

Ислам аалымдары билдиришкен:

1- Күнөөлөрдөн сактануу, харам иш кылбоо,

2- Аллаху тааланын кулдарына мээрим жана жакшылык кылуу,

3- Сабыр кылуу,

4- Жылуу жүздүү болуу.

Бул төрт нерсени орундаган кишинин ийгиликсиз болуусун ойлоп болбойт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш