Ислам дини » Кошумча темалар » Истисналар (бөтөнчөлүктөр) эрежени бузбайт




Истисналар (бөтөнчөлүктөр) эрежени бузбайт


Суроо: «Истисналар (бөтөнчөлүктөр) эрежени бузбайт» деп айтылат. Бул жалпы өкүмдөрдүн ичинде өзгөчө өкүмдөр болушу мүмкүн дегенди билдирип жатабы?

ЖООП

Ооба, ошондой делүүдө. Кээ бир мисалдарды берели:

1- Бардык мужизалар макулук, бирок, бөтөнчөлүк катары Курани карим - макулук болбогон мужиза.

2- Ар ким бир эне-атадан дүнүйөгө келет, бирок, Хазрети Адам жана Хазрети Хавва эне-атасыз, Хазрети Иса болсо атасыз дүнүйөгө келген. Булар бөтөнчөлүк болуп саналат.

3- Курани каримде: «Мейте жана кан силерге арам кылынды», - делген. (Маида 3)

Мейте – бул Бисмиллахсыз союлуп өлтүрүлгөн айбан. Мындай айбандар тарп болуп, эти желбейт. Анан кан дагы харам. Бирок, экөөнүн тең бөтөнчөлүгү бар. Хадиси шарифте: «Силерге эки мейте жана эки кан адал кылынды. Эки мейте – балык менен чегиртке, эки кан болсо – боор менен көк боор», - делди. (Ибни Маже)

Демек, кекиртегинен кесилбеген балык желет. Көк боор кан болсо да желет.

4- Аял менен бирге жанаша туруп жамаат менен намаз окушса эркектин намазы бузулат. Бирок, Каабада бузулбайт. Бул Каабага тийиштүү бөтөнчөлүк.

5- Зекет кедейге берилет, байга берилбейт. Дин илимин үйрөнүп жаткан шакирт жана дин илимин үйрөткөн устаз өтө бай болсо дагы буларга зекет берүүгө болот. Бул бөтөнчөлүк болуп саналат.

6- Мусулман аял чачын жана колдорун ача албайт. Жария (күң) мындан бөтөнчө, ага харам эмес.

7- Айбандар акыретте топурак болушат. Бөтөнчөлүк катары онго чейин айбан Жаннатка кирет.

8- Ар ким мурас акысына ээ, бирок, мусулман эмес аял Мусулман болгон күйөөсүнөн мурас ала албайт. Мусулман бир атанын уулу муртад болсо ал дагы мурас акысына ээ боло албайт. Бир хадиси шарифтин мааниси: «Мусулман киши муслман болбогонго, мусулман эмес киши дагы мусулманга мурасчы боло албайт.» [Бухари]

9- Деңиз таза болуп саналат, андан чыккан азыктар дагы желет. Деңизге ыплас нерсе дагы ыргытылса даарат жана гусул алса болот. Деңиз азыктары болгон балык, балыкка окшогон айбандардын бардыгы желет. Балык шекилинде болбогон деңиз курттары желбейт.

10- Мусулман эместер чексиз Тозокто калышат жана азаптары дагы эч жеңилдетилбейт. Бул абал Курани каримде жана хадиси шарифтерде билдирилген. Бөтөнчөлүк катары араларында аптада, айда же жылда бир жолу азаптары жеңилдетилгендер болушу мүмкүн. Мисалы, Абу Лахаб Расулуллахтын дүнүйөгө келгендигин сүйүнчүлөп келген жариясы Сувейбени кубанычтан улам азат кылган эле. Ошондуктан, ар жылы Рабиул-аввал айынын 12-чи түнү анын азабы жеңилдейт. Эки манжасынын арасынан чыккан серин сууну эмип ырахаттанат. (М. Насихат)

Дагы үч башка бөтөнчөлүктөрдөн мисал берели:

1- Мэрия жана калк автобустары жолчулардан жол акысын алат. Полициялардан, кээ бир мамлекет кызматчыларынан акы алынбоосу дагы бөтөнчөлүк болуп саналат.

2-Ыйык Рамазан айында Бишкекке барган бирөө: «Ресторан-кафелер ачык, баары жеп-ичип жүрүшөт, орозо кармагандар жок», - десе, Бишкекте орозо кармаган кишинин жок экендиги түшүнүлбөйт. Мындан орозо кармабагандардын көп экендиги түшүнүлөт.

3-Фразаларда дагы ушундай түрдүү түшүндүрмөлөр болот. Дүнүйө тоголок болгондугу үчүн ар шаардын бир чыгышы жана батышы болот. Чыгышы жана батышы жок шаар жок. Чыгыш делгенде Азия, Батыш делгенде Европа түшүнүлөт. Бирок, Азиянын дагы чыгышы бар, ал алыскы чыгыш деп аталат. Европанын дагы батышы бар. Бир хадиси шарифте: «Чыгышта бири өлтүрүлүп, батыштагы бирөө буга ыраазы болсо өлтүрүү күнөөсүнө орток болот», - делген.

«Батыш маданиятын көзүбүздү жумуп кабыл кылдык. Батышта инсаният баалуулуктары жок болду» делгенде батыш делгендин Европа экендиги түшүнүлөт. Стамбул Европа жакасында болуусуна карабастан Европа делгенде Стамбул түшүнүлбөйт. «Европалык христиан» делгенде «Европада дагы мусулман бар. Стамбул болсо Европада, Стамбулду Христиан дегендик болот» деп айтуу жаңылыш. Минтип жаңылыш сүйлөп, бир кашык суудан бороон чыгарууга аракет кылгандар өз сабатсыздыктарын ортого коюшууда.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш