Ислам дини » Кошумча темалар » Ырыскынын мол болуусу




Ырыскынын мол болуусу


Кээ бир нерселер кедейликке жол ачат, ырыскынын кыйынчылык менен келүүсүнө себепчи болот. Мисалы, тырмагы узун кишинин ырыскысы машакаттар менен, кыйынчылыктар менен келет. Үч хадиси шариф: «Күнөө иш кылуу ырыскыдан куру калууга себеп болот.» [Ибни Маже]

«Жалган сүйлөө ырыскыны азайтат.» [Исфахани]

«Зина кылуу кедейликке жол ачат.» [Байхаки]

Ырыскынын көбөйүүсү, берекелүү болуусу үчүн ар мубах ишти Бисмиллах менен орундоо керек.

Ата-бабалар: «Эрте турган кишинин насиби мол болот», - дешкен. Бир адамдын алган айлык акысы белгилүү болсо да эрте турса насиби мол болот. Айлык акынын өзү эмес берекеси көбөйөт. Береке – бул аз бир нерседен көп пайдалануу. Аз гана тамак көп кишиге жеткен болсо, анда ал берекелүү болгон болот. Көп акча тапканына карабай айлык акысы жеткире албаган киши акчасынын берекесиздигинен улам карызга батат. Эртең менен эрте туруу кайырдуулукка, берекеге себеп болот. Хадиси шарифте мындай деп буюрулду: «Эртең мененки уйку ырыскыга кедерги.» [Байхаки]


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш