Ислам дини » Кошумча темалар » Шүгүрдүн түрлөрү




Шүгүрдүн түрлөрү


Аллахты таануунун шүгүрү: Бизге билдирген буйруктары менен тыйууларына маани берүү, хубби филлах жана бугди филлахты кармануу, б.а., Аллаху тааланын сүйүктүүлөрүн жакшы көрүп, душмандарын жек көрүү (душмандык кылуу), ошону менен катар көп алхамдулиллах деп айтуу.

Пайгамбарды таануунун шүгүрү: Ахли сүннөт ишениминде болуу, сүйүктүүлөрүн жана аны жакшы көргөндөрдү жакшы көрүү, анын жакшы көрбөгөндөрүн жана аны жакшы көрбөгөндөрдү жакшы көрбөө, сүннөт менен амал кылуу.

Олуяларды таануунун шүгүрү: Анын китептерин окуу, окутуу жана таратуу, шакирттери менен жакшы мамиледе болуу.

Ыймандын шүгүрү: Туура ыйман маалыматтарын Аллаху тааланын башка кулдарына жеткирүү, хубби филлах жана бугди филлахты кармануу. Б.а., жакшы көргөндөрүн Аллах үчүн жакшы көрүү, жакшы көрбөгөндөрүн да Аллах үчүн жакшы көрбөө.

Акылдын шүгүрү: Акылды динибиз буйрук кылган шекилде колдонуу.

Билимдин шүгүрү: Билгени менен амал кылуу жана амри маруф кылуу.

Ден-соолуктун шүгүрү: Орозо кармоо, денени күнөө болгон жерлерге коротпоо, дин буйрук кылган жерлерде колдонуу.

Мал-мүлктүн шүгүрү: Зекет, садага берүү, жакшылык жана кайрымдуулук кылуу.

Үйдүн шүгүрү: Үйдө күнөө болгон иштерди кылбоо жана конок күтүү.

Автоунаанын шүгүрү: Пайдалуу кызматтарда колдонуу.

Кесиптин шүгүрү: Кесипти динге ылайык түрдө колдонуу.

Жубайынын шүгүрү: Акыларына маани берүү жана аны таарынтпоого аракет кылуу.

Перзенттин шүгүрү: Жакшы ат койуу, акыйкасын сойуу жана Ислам тарбиясы менен өстүрүү.

Дарттан кутулуунун шүгүрү: Шүгүр саждасын кылуу же шүгүр намазын окуу.

Күндүн шүгүрү: «Аллахумма ма асбаха би мин ни'метин эв би эхадин мин халкыке, фе минке вахдеке ла шерике леке, фе лекел хамду ве лекеш-шукр» деп окуган адам күндүн шүгүрүн орундайт. Кеч «Ма асбаха» дегендин ордуна «Ма амса» деп окуган адам түндүн шүгүрүн орундаган болот.

Ибадат кылуунун шүгүрү: Таңда жана кечте жүз жолу «Субханаллахи ва би-хамдихи субханаллахил азыйм» деп айтуу.

Бардык ниматтардын шүгүрү: Бардык ниматтардын Аллаху тааланын ырайымдуулугу жана ихсаны менен келгенин ойлоп, Исламдын беш шартын кемтиксиз орундоо. Ал үчүн мына бул үч негизге маани берүү керек:

1- Ахли сүннөт ишенимине ылайык ишенимин түздөө.

2- Ислам динин Ахли сүннөт аалымдарынын илмихал китептеринен үйрөнүп, буларга моюн сунуу.

3- Тасаввуф аалымдарынын жолунда жүрөктү жана напсини тазалоо.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш