Ислам дини » Кошумча темалар » Карып болгондорго сүйүнчү




Карып болгондорго сүйүнчү


Суроо: Дин китептеринде Исламияттын карып болуп башталып, кийин кайрадан карып абалга кайта тургандыгын билдирген хадиси шарифтер бар. Бул хадиси шарифте айтылган карып болуунун мааниси кандай?

ЖООП

Пайгамбарыбыз «саллаллаху алейхи ва саллам»:

«Ислам дини карып болуп башталды. Акыркы убакта дагы карып болот. Бул карып адамдарга сүйүнчүлөр болсун! Булар адамдар бузган сүннөттөрдү оңдошот», - деп буюрган. Ахли сүннөт аалымдары бул хадиси шарифти түшүндүрүп мындай дешкен:

«Ислам дининин башталышында адамдардын көбү мусулмандыкты билбегендиктери, андан тартынышкандыктары сыяктуу акыр заманда дагы динди билгендер азаят. Булар менден кийин бузулган сүннөтүмдү жандандырышат. Бул үчүн амри маруф жана нахйи анилмункар кылышат, (б.а., жакшылыкка үндөп, жамандыктан кайтарышат.) Сүннөткө, б.а., Исламиятка моюн сунууда башкаларга өрнөк болушат. Ислам маалыматтарын туура жазып, китептерин жайылтууга аракет кылышат. Буларга кулак аскандар аз, каршы чыккандар көп болушат. Ал убакта сүйгөн тараптарлары көп болгон дин адамы - тууранын арасына ийрилерди, жагымдуу сөздөрдү аралаштырган адам болот. Себеби, бир гана туураны айткан адамдын душмандары көп болот.»


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш