Ислам дини » Кошумча темалар » Илимди кандай ниет менен үйрөнүш керек?




Илимди кандай ниет менен үйрөнүш керек?


Суроо: Дин маалыматтарын үйрөнүш үчүн, диний билим алыш үчүн кантип ниет кылыш керек, кандай ниет менен буларды үйрөнүш керек?

ЖООП

Буга байланыштуу Фатавайи Хиндиййа китебинде мындай делген:

«Илимди Аллах ыраазылыгы үчүн, Ислам динине жана мусулмандарга кызмат кылыш үчүн үйрөнүш керек. Байлык-бийлик табуу, текебердик жана атак-даңкка жетүү үчүн үйрөнбөө керек. Устаз акысы эне-ата акысынан мурда турат. Илимди Ахли сүннөт аалымдарынан же алар жазган китептерден үйрөнүш керек жана салих адамдарга үйрөтүш керек. Илимди жакшы адамдардан аябаш керек. Салих адам жакшы адам дегенди билдирет. Ахли сүннөт ишениминде (итикадында) болгон жана харам иш кылуудан сактанган мусулман салих, жакшы адам деп аталат. Ахли сүннөт ишениминде болбогондор бидат ээси же мазхабсыз деп аталат. Ахли сүннөт ишенимин жана харам нерселер эмнелер экендигин үйрөнүү миңдеген Ихлас сүрөсүн окуудан да абзал. Фыкых үйрөнүү хафыз болуудан да абзал. Хафыз болуу нафил ибадат кылуудан абзал. Вааз айтып жатканда «Аллаху таала» деп айтыш керек. Бир гана «Аллах» деп айтуу урматсыздык болот. Күнөө кылынган жерлерде таспих (субханаллах), тахмид (алхамдулиллах), Курани карим, хадиси шариф жана фыкых маалыматын окуу күнөө. Күнөө кылууга тоскоол болуу үчүн таспих окуу жаиз болот.

Бул жерде көрүнүп тургандай кавал, сурнай, черткич аспап менен бирге же булардын коштоосунда такбир, салават окуу күнөө.»

Суроо: Бир мусулмандын үйүнө кирерде эмнеге көңүл бөлүш керек, окуу керек болгон бир дуба барбы?

ЖООП

Бул маселеде Сулайман бин Жаза хазреттери Аййухал-валад китебинде мындай деген:

«Үйүңө Бисмиллах менен кир! Эгер убактың жетсе Ихлас сүрөсүн оку! Пайгамбарыбыз алейхиссалам мындай деген: «Үйгө кирерде Ихлас шарифти окуган жокчулук көрбөйт!». Сахабалардан Сухейл радыйаллаху анх Пайгамбарыбыздын ушул кеңеши менен бай болгон. Үйгө кирип жатканда оң бутуң менен кир жана салам бер! Үйдө эч ким жок болсо минтип салам берсең болот: «Ассламу алейна ва ала ибадиллахиссалихин». Муну менен бирге бир жолу Кулхуваллаху сүрөсүн жана бир жолу Аятал курсини окусаң үйүңө шайтан кире албайт. Эмнени баштасаң да Бисмиллах менен башта! Жумуш кыларда, тамактанарда оң колуң менен башта! Тамакка башкалар менен чоогу отур! Тамактан кийин дуба жана Кулхуваллаху сүрөсүн оку! Тамактан кийин бир саат өтмөйүнчө суу ичпе, денеге жакшы эмес.»


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш