Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын замандашы, Йемендик
Вейсел Карани хазерети акыр заман Пайгамбарынын келгенин угуп ыйман келтирген.
Пайгамбарыбызды бир жолу болсо да жанына барып көрсөм деп эңсейт, бирок,
көздөрү көрбөй калган, ооруп жаткан апасынын жанынан кантип чыгат, анын үстүнө
жол узак. Ага өз колу менен тамак жедирип, жуунтуп, бала сыяктуу кароосу керек
эле. Мына ушундай чарасыздыктын ичинде ибадатка берилет. Бир күн келет, сырлар
ачылат, ал зикир менен алек болуп жатканда анын кайтарган малдарын периштелер
карашат. Бирок, ал сырттан караган кишиге төөлөрдүн артында жүргөн бечара чабан
болуп көрүнөт. Пайгамбарыбыз кээде Йемен тарапка бурулуп: «Йемен тараптан
рахмат жели урууда», - деп: «Үммөтүмөн ушундай бирөө бар, кыяматта Рабиа жана
Мудар урууларынын койлорунун жүндөрүнүн санынчалык көп кишиге шапаат кылат», -
дечү. Сахабалар: «Йа, Расулаллах, ал ким?» - деп сурашты.
- Аллахтын кулдарынын бири.
- Биз баарыбыз кулбуз, анын аты ким?
- Увейс.
- Каерлик болот?
- Карндык.
- Ал сизди көрдү беле?
- Көзү менен көргөн жок.
- Өтө таң калыштуу, сизге ушунчалык ашык болуп,
бирок, сизге кызмат кылуу үчүн жүгүрүп келбегени.
- Ал келбей жаткан болсо динин бекем сактоосунан
улам. Анын карып калган апасы бар. Көздөрү көрбөй, колдору иштебей калган. Уулу
Увейс болсо күндүз элдин малын кайтарып, тапканы менен апасын багат.
Хазрети Абу Бакр сурайт: «Биз ал кишини көрө
алабызбы?» «Сен көрө албайсың», - деди Пайгамбарыбыз. Кийин Хазрети Омар менен
Хазрети Алини карап: «Силер аны көрөсүңөр», - дейт. «Алаканынын ичинде бир
агылтың бар. Бул барас оорусунан улам пайда болгон агылтың эмес. Ага барганда
саламымды айткыла, үммөтүмө дуба кылсын», - деди. Пайгамбарыбыз кайтыш болор
кези жакындаганда: «Чепкенимди ага алып баргыла», - деп буюрду. Хазрети Омар
Пайгамбарыбыздын ыйык чепкенин Вейсел Караниге берүү үчүн Йемендеги Карн деген
ошол жерге келет. Жанында Хазрети Али да бар эле. Сураштырып отуруп аны
табышат. Намаз окуп жаткан болот. Салам берип, Хазрети Омар андан сурайт:
- Атыңыз ким?
- Абдуллах (Аллахтын кулу)
- Кайсы Абдуллах№
- Бул аймакта мени Увейс деп аташат.
- Оң колуңду көрсөтө аласыңбы?
- Мынакей.
- Пайгамбарыбыздын сизге саламы бар. Ыйык чепкенин
сизге жөнөттү. «Алып кийсин, үммөтүмө дуба кылсын», - деди.
- Эй, Омар! Мен алсыз, күнөөкөр бир пендемин. Бул
керээз башка бирөөгө айтылган болуп жүрбөсүн?
- Жок. Биз издеген киши сенсиң. Пайгамбарыбыз сени
сыпаттап түшүндүргөн эле. Вейсел Карани көз жашы менен башын ыйык чепкенге коюп
Мухаммед алейхиссаламдын үммөтүнө дуба кылган эле.
Вейсел Карани Пайгамбарыбызга деген сүйүүсүнөн
улам Ухуд согушунда Пайгамбарыбыздын ыйык тишинин сынганын угуп, катуу
кайгырат. Жерден бир таш алып: «Пайгамбарыбыздын тиши сынган болсо бул тишти
эмне кылмак элем», - деп өз тишин сындырууну каалайт. Бирок, кайсы тиши
сынгандыгын биле албайт. Ошентип, өзүн кармай албай өз тиштерин таш менен бир
бирден сындырат.
Арадан жылдар өтөт. Вейсел Караниге белек кылынган
бул ыйык чепкен анын урпактары тарабынан сакталып келип, Аббаси урпагы болгон
азыркы Түркиянын Хаккари аймагында өкүм сүргөн Ирисан Бектерине өтөт. Ирисан
Бектери болсо бул чепкенди Осмондук Султан II Осмонго белек кылышат. Султан болсо муну урпактарына аманат кылып сактап,
ар Рамазан айында эл тарабынан зыярат кылынып туруусун керээз кылган. Султан
Абдулмажид буга арнап Стамбулдагы Хыркаи Шариф мечитин салдырган эле. Азыр
дүйнөнүн ар түпкүрүнөн келген коноктор муну зыярат кылып келишет.