Ислам дини » Кошумча темалар » Мусулмандык - ынтымак дини




Мусулмандык - ынтымак дини


Кылымдар бою ишенимдери, улуттары ар түрдүү болгон калктар мусулман өлкөлөрүндө эч кандай кысым көрбөй эркин өмүр сүрүшкөн. Жада калса, өзгө өлкөлөрдө кысым көргөн башка ишенимдегилер мусулмандардан башпаанек издеп келген учурлар көп болгон. Анткени, мусулман маданиятында конокжандуулук, башпаанек сурап келгендерге камкор болуу, аны душмандардан коргоо, конокко кызмат кылуу өзгөчөлүгү бар. Ушул себептен колуна курал алып, кезек менен түнү бою үйдүн тегерегин күзөтүп, коногун коргогондор көп болгон. 8 кылымдай мусулмандардын бийлигинде болгон Андалусия эли христиандар тарабынан басып алынгандан кийин 250 миң яхудиге христиан динине өтүүгө, болбосо өлүмдү тандоолору айтылган. Алар Османлы мамлекетинен башпаанек сурашкан. 1492-жылдан баштап канчалаган Османлы кемелери сапар тартып, буларды алып келип Стамбул, Измир, Селаник сыяктуу шаарларга конуштандырышкан. Стамбул көп жылдар бою эң көп яхуди жашаган шаар деген атка ээ болгон. Франциядан куулган яхудилер 1470-жылы Бавиера королдугунан куулган Ашкеназ яхудилери 1660-жылы Польша жана Украинадагы кыргындан качкан Ашкеназдар да Османлы өлкөсүнө барып башпаанек табышкан.

Үч кудай ишенимин моюндабаган Италиялык унитерист чиркөөсү христиандардын кысымына байланыштуу Чыгыш Европага качууга мажбур болгон эле. Алар ошол кездеги Османлынын карамагындагы Ердел (трансильвания) шаарына конуш оодарышкан эле.

Тарыхы ХVІ кылымдагы жазуулардан башталуу алган бухаралык яхудилер Азиялык яхудилер деген ат менен таанымал коомдук топтордун да Орто Азияда мусулмандар арасында канчалаган кылымдар бою өмүр сүрүп келишкендиги мусулмандардын конокжандуулуктарын, бийик адамгерчилик касиетин көрсөтөт.

1400 жыл бою дүнүйөдө мусулмандар менен мусулман эмес элдердин бир өлкөдө, бир жерде жашап келишкендиктери көп болгон. Баары менен жакшы карым-катнашта болуп, алар менен жылуу жүз менен көрүшүп, айланасындагы мусулман эместерге жүрүш-туруштары менен, адилеттиги менен, бийик адамгерчиликтери менен үлгү болушту. Аларга жаман мамиледе болушкан жок. Мээримдүү мамиле менен көбүнүн мусулман болууларына себепкер болушту. Көпчүлүгү мусулмандыкты кабылдап, жергиликтүү элдер менен аралашып кетишкен. Ислам дининин мээрмандык, боорукерчилик дини экендигин ушундай сан кылымдык тарыхый даректерден көрүүгө болот.

Соңку кылымдарда вахабизм, салафизм сыяктуу секталардын чыкканын, анын кандайча пайда болгонун, ким курганын, анын чыныгы Ислам дини менен баланышы жок экендигин көпчүлүк билет. Ошол эле учурда Батыштык маалымат каражаттары вахабизм дебей ислам терроризми, ислам экстремизми деген маалымат таратып, дүнүйө жүзүндө исламофобиянын отун тутантышууда. Ал тургай, кээ бир маалымат каражаттары Пайгамбарыбызды мазактаган карикатура тартып, кино тартып бүлүк чыгарып, ортого от таштоого аракет кылышууда.

Ошондой эле тарыхта мусулмандарга каршы кылымдар бою жасалган кресттүү жортуулдар, инквизиция соттору, католиктердин протестанттарды кыргынга учуратышкандыктары сыяктуу көптөгөн зулумдуктар белгилүү. Булардын эч бирин христиан терроризми деп эч ким атаган эмес.

Корутундулай келсек мусулмандар көздөрү ачык, билимдүү болуулары зарыл. Ак-караны айырмалай ала тургудай, душмандардын митаам саясаты менен араздаштыруучу оюндарына алданбай, элине, динине кызмат кыла ала тургандай таалим тарбиялуу, өнөр-кесиптүү, бардык жагынан азат болууга аракет кылуу кажет. Мусулман адамдын Аллаху тааланын буйруктарына моюн сунуусу керек, күнөө жана кылмыш кылбоосу керек. Фитнанын (бүлүк) чыгуусуна себепчи болбоосу керек. Ислам дининин көркөм кулк-мүнөзүн, кадыр-баркын бардык жерде, бардык адамдарга көрсөтүп жүрүүсү керек. Ар бир элдин санаасында Ислам динине деген сүйүүнү ойготуп, Ислам динине урмат көрсөтүүлөрүнө себепкер болуу керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш