Ислам дини » Кошумча темалар » "Биз аларды жомокко айлантып жибердик"




"Биз аларды жомокко айлантып жибердик"


Мусулман болуудан мурда араптар дүнүйөдөн бөлүнүп калгандай бир абалда эле. Бир тарабынан чөл, бир тарабынан жарым аралды курчап турган деңиздер маданий дүйнөдөн алда канча алыс калууларына себеп туудуруп жаткан эле.

Исламдан мурдагы араптар ушунчалык даражада бөлүндү-чачыранды болуп, жалкоо болуп, төмөн даражага чейин түшүп кетишкендиктен башка өлкөлөр менен согуша тургандыгы, кошуна мамлекеттердин үстүнөн жеңишке жете тургандыктары алардын түштөрүнө дагы кирчү эмес.

Иран менен Византия ал доорлордун эки чоң мамлекеттери эле, Чыгыш менен Батыштын лидерлери болчу. Булар Арап жарым аралын билериктин билекти курчап турганындай курчап турушкан эле. Бирок, чөл болгон, жер алды жана жер үстү байлыктары аз болгон жарым аралда (ал убакта мунай зат ачыла элек эле) алар үчүн жан менен мал жоготуусуна учуроонун кереги да жок эле. Аларда бул чөп чыкпаган чөлгө акча сарптоого жана кедей араптарды багууга зарылчылыктары жок эле. Бирок, мындай эл кыска бир убакыт ичинде дүйнө тарыхында укмуштуудай бир милдеттин өкүлү болушмакчы...

Мусулман араптар чөлдөрдү ашып барып жаңы жерлерди алууда, душмандарын тизе чөгөлөтүп жатышкан эле... Бул сел араптардын борбору болгон Мединадан хижрий 11-жылы (миладий 632-жылы) атырылып чыгып, алдына чыккан баарына карата үстөм болуп, тоолорду, талааларды баскан. 

Сандары жүз миңдеген, толук куралданган, басып өткөн жерин курута тургандай кубаттуу болгон Иран жана Мысыр аскерлерин жеңишкен.

Ушул эле сел эски маданияттарды, күчтүү мамлекеттерди, тамырлуу бийлик курган элдерди сүрүп таштап, тарых барактарына көмгөн.

Мурда араптар алардын көз алдында майда, кадыры жок болуп көрүнгөн болсо, бул сапар ыйман келтирүү менен сыймыктанган араптардын көз алдында калган элдер кичирейген эле. Аларга мына ушул күчтү Аллаху таала ихсан кылган эле.

Дүнүйөнүн эң кубаттуу держава императорлуктарын өз өлкөлөрүнө барып ошол жерде жер менен жексен кылышты. Коомдорун кыйратып, тактарын кулатып, королдордун тактарын сындырышты, бала-чакасын туткунга алышты. Алардын менменсинген, текебердик кийимдерин жамаачы кармабагыдай кылып жыртышты. Күч-кубаттарын кайра ордуна келбей тургудай кылып кыйратышты. Иран Кисрасы кайра ордуна башка Кисра келбей тургандай, Кайсер дагы дал ошондой жок кылынды. Жеңишке жетүүлөрү үчүн бүткүл себептер алар тарапта болуп, Мусулмандардын каршысында эле. Бирок, ыйман келтиргендер ыйман келтирбегендердин үстүнөн жеңишке жетишти. Саба сүрөсүнүн 19-аятында:«Мына, биз болсо аларды жомокко айлантып жибердик. Аларды чачыраттык», - делген. Ал Араф 137-де болсо: «Акаараттарга дуушар болгон ал коомду болсо биз өзүнө пейз жана берекет берген жерге мурасчы кылдык», - делген.

Күлкүнүчтүү алсыздыктан кийин эбегейсиз кубат, былк этпей токтоп калган нерседе таң каларлык жандуулук, терең уйкудан кийин тез ойгонуу тарых чечмелей албаган табышмак болуп саналат...


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш