Ислам дини » Кошумча темалар » Даанышмандан 5 насаат




Даанышмандан 5 насаат


Бир даанышман зат сүйгөндөрүнө минтип осуят калтырган:

Адам алейхиссаламдан бери:

1- Ачууланган адам дайыма жоготкон, күлгөн адам дайыма утушка ээ болгон. АЧУУЛАНУУ ЖОК.

2- Көңүл сындырган адам дайыма жоготкон. Көңүл жылыткан адам дайыма утушка ээ болгон. Талашып-тартышуудан сактангыла. ТАЛАШЫП-ТАРТЫШУУ ЖОК.

3- Каршы чыгуу, өзүнүкүн бербестик жоготууга учуратат. Акыры ыймансыздыкка түшүрөт, Тозокко түртөт. Жарайт, макул деген адам дайыма утушка ээ болот. КАРШЫ ЧЫГУУ ЖОК.

4- Бирөөнү сындаган адам дайыма жоготкон. Бүлүк сындоо менен башталат. Бүлүк чыгаруу адам өлтүрүүдөн да чоң күнөө. Жаман мүнөздөрдүн башында текебердик турат. Текебер адамдын белгиси дайыма «мен билемин» дейт, сурабайт, бир гана сындайт. Ар нерсеге ачууланат, кеңешпейт, дуа сурабайт. Өзүнүкүн бербейт, өзүн дайым туура деп эсептейт. Өзүн бийик даражада көрөт. Текебердик адамга келе турчу жакшылыктарга кедерги болот. Аллаху таала: «Текебердик жана азамет (улуктук) мага таандык. Текебер болгонго мээримдүүлүк кылбайм, отто күйгүзөм», - деп буюрууда. ТЕКЕБЕРЛЕНҮҮ ЖОК.

5- Даттанган адам дайыма жоготкон. Тобокел кылган адам уткан. «Даттанган адам менден башка РАБ издесин», - деп буюрууда Аллаху таала. ДАТТАНУУ ЖОК.

Бул насааттарга моюн сунган адам дүнүйөдө да, акыретте да сөзсүз утат. Жакшы инсан болуунун шарты бул насааттарга баш ийүү жана өзүн каталуу, туура эмес көрүү. Өзүн дайым туура эмес эсептеген адам бардык жаман мүнөздөрдөн кутулат. Өзүн таарыткан жана таарынтпаган бардык адамдарга акысын кечирүү керек. Адам эмне кылса өзүнө кылат. Акылдуулар акырет үчүн, акмактар болсо дүнүйө үчүн эмгектенишет.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш