Көпчүлүк колдонуп жүргөн
эки түшүнүк бар. "Атам аман болсун” жана "Жан алакетке түшүү” Атам
аман болсунду кармануу жалкоолукту, бошоң болууну, эртеңкини ойлонбоону,
бирөөнүн аркасында күн көрүүнү, башкага жүк болууну калыпташтырган жаман, уулуу
жашоо образы. Бул сөз атасын өзүнөн да узак өмүрлүү боло турганын ойлоп,
эмгектенүүнү, өндүрүүнү аларга тапшырып коюп, өмүрлөрүнүн соңун өкүнүч менен
өткөрүүчү, жаштык жөндөмдүүлүктөрүнүн тормозу болуп саналат. Тилекке каршы,
айлана тегерегибизде андай аталар менен балдар жетиштүү. Жада калса, эрке
кылыктары менен атасынын кызмат ордуна балта чаап жаткандар канча!
Түңкү кезекте иштеген
бир киши түн ортосунда үйүнө кайтып келе жатып жолду кыскартмакчы болот. Бирок,
кыска жол мазардын ичинен өткөндүктөн кичине корккону менен, "күндүзү коркпой
өткөн жеримен түндө эмнеге коркушум керек экен” деп өзүнө-өзү дем берип,
мазардын ичинен түз жолго түшөт. Басып баратып капыстан эртеңки жаназа үчүн
даярдалып жаңы казылган кабырга кулап түшөт. Өтө терең казылган болсо керек,
абдан аракет кылса дагы кабырдан чыга албайт, канча кыйкырып-өкүрсө да түн
ортосунда айлана-тегеректе эч ким болбогондуктан жардам колун созо турчу бир да
жан келбейт. Айла жоктон далысы менен дубалга жөлөнүп күндүн чыгуусун күтө
баштайт.
Бир канча убакыттан
кийин дал ошол жол менен жүрмөкчү болгон бир мас киши да келе жатып алиги
чуңкурга кулап түшөт. Эмне болгонун түшүнбөгөн мас, жанталашып чуңкурдан
чыгууга аракет кылат. Капыстан чыккан үндөн коркуп кетип, бурчта калтырап, тили
тутулуп отурган адамды мас киши байкаган эмес эле. Чуңкурдан чыгууга канчалык
аракет кылса дагы андан эч кандай майнап чыкпайт. Мастын секирип, чыгып кетүүгө
тырышып жатканын бир топ карап отурган баягы киши ордунан туруп, мастын артына
келип, далысына колун коёт да: "Бекер убара болбой эле кой, чыга албайсың!”
– дейт. Мындан кийин эмне болгонун өзүңүздөр элестетип жаткан чыгарсыңар. Алиги
мас үрөйү учканынан ушундай бир секирет; чуңкурдан атылып чыгып качып жөнөйт.
Жада калса, бир орунда туруп бийикке секирүү боюнча рекордду жаңыртканын айтса
да болчудай...