Суроо
«Жаиз» деген сөз адал
деген маанини түшүндүрөбү? Андай болсо эмне себептен «Жаиз» деген сөздүн ордуна
«Халал», ал эми «Жаиз эмес» деген сөздүн ордуна «Харам» деп эле айтылбайт?
ЖООП
«Жаиз» деген сөз сүйлөмдө колдонулган
жерине жараша түрдүү маанилерди түшүндүрөт:
1- Жаиз, жалпысынан
алганда уруксат берилген, күнөө эмес деген мааниде. Бирок, жаиз делген нерсени
кылбоо дагы жакшыраак.
2- Кылынуусу дагы жакшы
деген мааниде.
3- Кылынуусу танзихен
макрух (халалга жакын макрух) деген мааниде.
4- Кылынуусу тахримен
макрух (харамга жакын макрух) деген мааниде.
5- Кылынуусу мубах деген
мааниде.
6- Кылынуусу важиб,
керек деген мааниде.
7- Кылынуусу күнөө деген
мааниде.
Эми буларга бир канча
мисал берели:
1- «Жамаат менен намаз
окугандан кийин дуба кылууну күтпөстөн кетүү жаиз» деген сөз «Күнөө эмес, кетсе
болот, бирок, кетип калбастан дубаны күтүү дагы жакшыраак болот» деген мааниде.
«Курани каримди дааратсыз
жаттаганын окуса жаиз» деген сөз дагы ушундай. Күнөө болбойт, бирок, даарат
менен окуса дагы жакшы болот дегенди түшүндүрөт.
«Багымдат намазында
алган даараты бузулбай бул даараты менен бешимди, асырды, шамды жана куптанды
окуу жаиз» деген сөз да ушундай. Башкача айтканда, күнөө болбойт, бирок, ар бир
намаз үчүн даарат алуу жакшыраак болот.
«Карыган аялдын колун
өбүү жаиз» деген сөз да ушундай.
2- «Намазда руку жана сажда
таспихтерин үчтөн артык (5,7,9,11 сыяктуу) айтуу жаиз» деген сөз жакшыраак
болот, мустахаб дегенди билдирет. «Даарат бузулбай ар намаз убактысында даарат
үстүнө жаңыдан даарат алуу жаиз» деп айтуу кылынуусу жакшыраак болот дегенди билдирет.
"Жума намазында имамдын сахв саждасын кылуусу жаиз болот" деген да
ушундай.
3- «Атанын эркек бир
тууганы же эненин кыз бир тууганынын кызы менен үйлөнүү жаиз» дегендик танзихан
макрух, зарыл болмоюн кылынбоосу жакшыраак болот, эгер кылынса күнөө болбойт
дегенди билдирет.
Фыкых китептеринде
«Шарап жасаган кишиге жүзүм сатуу жаиз» деп айтылуусу да ушундай.
«Күндө ысыган суу менен
даарат алуу жаиз, бирок, танзихан макрух» деген да ушундай.
Христиан киши сойгон
малдын этин жеш да ушундай жаиз, башкача айтканда, танзихан макрух.
4- «Христиан аял менен
үйлөнүү жаиз» деген сөз зимми болсо танзихан макрух, харби болсо тахриман
макрух дегенди билдирет.
(Зимми киши Ислам
мамлекетине хараж, жизия сыяктуу салыктарды берген мусулман эмес жаран дегенди
билдирет. Харби болсо жаран болбогон мусулман эмес киши дегенди түшүндүрөт.)
5- «Пахта көйнөк кийүү
жаиз» деген сөз кийсе же кийбесе кандайдыр бир зыяны жок деген сөз.
Мындай мубах иштер
ниетке карай дагы да жакшыраак же дагы жаман болуусу мүмкүн. Аялдардын
жасануулары жаиз. Күйөөсү үчүн жасануусу жакшы болот, чоочундар үчүн жасануусу
жаиз болбойт.
6- «Оорудан улам жарасынан
кан, ириң аккандардын, заарасы чыккандардын даарат жана намаздарынын бузулбоосу
үчүн Малики мазхабын таклид кылуулары жаиз» дегендик кылынуусу керек дегенди
билдирет. Ушул сыяктуу «Махалла мечитинин кирешелерин, чыгашаларын башкаруу
үчүн мутавалли (милдеттүү кызматкер) дайындоо жаиз» деп айтуу ушундай кылуу
керек деген маанини туюнтат.
«Бир аял парик кийип
көчөгө чыга албайт. Бирок, эркектердин арасында башын ачуу зарыл болгон абалда
башын парик кийүү аркылуу жабуусу жаиз» дегендик башын ачуусу күнөө болот,
парик кийүүсү шарт дегенди билдирет.
7- «Бир ата мал-мүлкүнүн
бардыгын бир баласына хадия кылса жаиз болот» дегендик хадияны алган балага бул
зыян болбойт, бирок, балдарынын арасында бөлүүчүлүк кылгандыктан атага күнөө
болот дегенди билдирет.
Жаиз эмес деген эмне?
Жаиз эмес деген;
1- Макрух,
2- Харам,
3- Фасид,
4- Куфур,
5- Сахих эмес,
6- Этибар кылынбайт,
7- Бидат деген маанини
да түшүндүрөт.