Ислам дини » Кошумча темалар » Осмондуктардын каада-салттары




Осмондуктардын каада-салттары


Дээрлик бардык мусулман өлкөлөрүндө илгертен эле өтө жакшы каада-салттар болгон. Тилекке каршы батыш мамлекеттеринин басып алуу жана колонизациялоосунун натыйжасында ал каада-салттардын көпчүлүгү унутулган же жок болуп кеткен. Осмондуктар доорунда да тамактанууда, үй-бүлөдө, айыл жана шаар турмушунда адамдар арасындагы өзара сый-урмат, жакшы мамиле, мыкты жүрүм-турумду пайда кылган жакшы каада-салттар бар эле. Азыр да бар болгондо кана деп армандалчу ошол каада-салттардан кээ бир мисалдарды берели:

1 – Бир үйдүн терезесинде сары гүл турган болсо ал үйдө оорулу адам бар, көчөдөн өтүп бараткандар жана сатуучулар бийик үн чыгарып тынчын албагыла деген маанини билдирчү.

2 – Эгер кызыл гүл турса үйдө бойго жеткен бир кыз бар, көчөдөн өтүп бараткан жигиттер өзара сөздөрүңөргө көңүл бургула деген маанини билдирчү.

3 – Жаңы шаар түптөлүп жатканда алгач борборго бир мечит салынчу, аны тегерете үйлөр жана ишканалар курулчу.

4 - Эшиктин каккычына "Йа Фаттах” деп жазылчу. Бул Жараткандын "Бардык эшиктерди ачуучу жана кыйынчылыктарды жок кылуучу” деген маанини билдирген ысымы. Үйгө көчөнүн көйгөлөрү менен келген адам "Йа Фаттах” сөзүн көргөндө кичине болсо да тынчтанып, өзүнө келип алчу.

5 – Үй ээси конокторду узатып жатканда алардын бут кийимдеринин учтарын үй тарапка каратып койчу. Муну менен "Силерди конок кылуу биз үчүн чоң сыймык, абдан кубандык, үйүбүзгө дагы келүүнүздөрдү тилейбиз” деп айтууну каалашчу.

6 – Келген конокко алгач кофе менен суу сунулчу. Конок ачка болсо сууну, ток болсо кофени алчу. Эгер сууну алса үй ээси коноктун ачка экенин байкап, дароо дасторкон жайчу жана аны тойгузчу.

7 – Эшиктерде экиден каккыч болчу. Чоңун какканда жоон, кичинекейин какканда ичке үн чыкчу. Эшикке келген эркек киши чоңун, аял киши кичинекейин какчу. Үйдөгүлөр угулган үнгө карай келген адамдын эркек же аял киши экенин билип алышчу жана ушуга жараша тосуп алганы кимиси чыгуусу керек экенин түшүнүшчү.

8 – Эркек кишин алдынан аял киши эч качан өтчү эмес.

9 – Рамазан айында байлар башка айылдардагы дүкөндөргө барып дүкөнчүгө карыз дептеринин каалаган бир барагын ачтырып, эсептетчү. Канча сумма чыкса бардыгын өзүнүн чөнтөгүнөн төлөчү жана баракты айырып алып кетчү. Ошентип дүкөнчү да, сооп талап кылып келген бай да кимдердин карыздары төлөнгөнүн билчү эмес. Жада калса, карызы барлар деле ким тарабынан карыздары төлөнгөнүн билчү эмес. Кайыр-садага, жакшылык жашыруун жасалчу эле.

10 – Үйүнүн чатырын оңдомокчу болгон адам бир күн мурда кошуналарга кабар берип, кошуна үйлөрдөгү аялдардын короолорунда жүргөндө чоочун эркектерге көрүнүп калбоолору үчүн эскертилчү.

11 – Мусулмандар менен башка дин өкүлдөрү кийимдеринен айырмаланып турчу. Мусулман эместер сөзсүз алкагы бар (кепка, шляпа сыяктуу) баш кийим, эки капталында жээги бар чалбар кийүүгө жана белине жип байлап жүрүүгө мажбур эле. Ошондуктан, андай кийимдерди азыр мода катары кийүү дагы туура болбойт.

12 – Осмондуктарда адамдарга гана эмес жаныбарлар менен өсүмдүктөргө кызмат кылуучу вакфтар (корлор) дагы иштечү. Көчмөн куштар вакфы, Дан үрүндөрү вакфы жана Жапайы жаныбарлар вакфы сыяктуу көптөгөн вакфтар болгон.

13 – Көчөдө адамдардын алдында өйдө турган абалда тамак желчү эмес, колдор жуулуп, дасторконго бирге отурулуп, алгач үйдүн улуусу бисмиллах деп баштачу жана дасторкондон тураарда да дуба кылынчу.

14 – Жолдо сый-урматтан улам жаштар жашы улуулардын алдынан өтүшчү эмес. Уруксат берилгенде гана өтүштү.

15 – Көчөдө кандайдыр бир үйдө жаназа кабары угулуп калса кошуналар дароо жаназага көмөктөшчү жана 10 күнгөн чейин ошол үйгө тамак алып барышчу. Аларга угула тургандай кылып күлүшчү эмес жана көңүл көтөрүшчү эмес.

16 – Кедейлер кайыр суроодон, байлар текеберленип мактануудан сактануу үчүн көчөлөрдүн баштарында "кайыр-садага таштарына” бир кол бата тургандай оозу кичине кумура коюлчу. Каалаган бир адам ага колун салып же акча алчу, же акча салчу. Сырттан каралганда акча салдыбы же алдыбы, билинчү эмес...


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш