Ислам дини » Кошумча темалар » Кырк хадис жаттоо




Кырк хадис жаттоо


Суроо: "Кырк хадис жаттаган адам Бейишке кирет” деген бир хадис барбы?

Жооп: Башка эч нерсе кылбай, бир гана кырк хадисти, жада калса, Курани каримди жаттап алган адам Бейишке кирбейт. Хадистерди биздин түшүнө алуубуз өтө кыйын. Бир ыймансыз да, бидатчы да 40 хадисти жаттап алышы мүмкүн. Башка бир ыйык хадисте айтылды: "Аллаху тааланын ушул 99 асма-и хуснасын ихсан кылган адам Бейишке кирет, түбөлүк бакытка жетет”. (Бухари) (Ихса кылуу – бул 99 ысымды маанилери менен бирге жаттап, амал кылуу дегендик. Ушундай кылган адам Бейишке кирет.)

Кырк хадис менен байланыштуу ыйык хадистердин кээ бирлери төмөндөгүдөй:

"(Жазылган түрдө) Өзүнөн кырк хадис калтырып кайтыш болгон адам Бейиште досум болот”. (Дайлами)

"Аллаху тааланын ыраазычылыгы үчүн адалды жана арамды түшүндүргөн кырк хадисти үммөтүмө билдирген адам аалым болуп тирилет”. (Абу Нуайм)

"Үммөтүмүн дин иштеринде пайдалуу болгон кырк хадис жаттаган адам аалымдар менен бирге тирилет”. (Табарани)

"Аллаху тааланын кечире турганына үмүттөнүп, менден кырк хадис жазган адамга Аллаху таала ырайым кылып, шейиттик мартабасын берет”.(Ибни Жавзи)

"Үммөтүмө билдирүү үчүн кырк хадис жаттаган адамга шапаат кыламын”. (Абни Адий)

Бейишке кирүү үчүн биринчи шарт - туура ыйман ээси болуу. Ыймандын алты негизине ишенүү шарт. Бирөөсүнө дагы ишенбеген адам мусулман боло албайт жана Бейишке кире албайт. Андан кийин арамдардан сактанып, парздарды орундоо керек. Парз жана арамдарды хадиси шарифтерден эмес ахли сүннөт аалымдарынын түшүндүрмөсүнөн үйрөнүү керек. Андан кийин өзү дагы амал кылган арам менен адалды билдирген кырк хадисти ахли сүннөт аалымдарынын түшүндүрмөсү менен бирге жазып, дискке жана касетага көчүрүп же башка жолдор аркылуу башкаларга жеткирген адам Бейишке кирет. Төмөндө ыйык хадистерде билдирилген мусулмандар дагы жогоруда аталган шарттардын негизинде гана Бейишке киришет. Жалгыз төмөндөгүлөрдү кылуу менен гана киришпейт:

"Эки жаагы менен эки бутунун арасын коргогон адам Бейишке кирет”. (Хараити)

"Аллаху тааланын берген ырыскысына канаат кылган адам Бейишке кирет.” (Даре Кутни)

"Аллаху тааланын бергенине ыраазы болгон адам Бейишке кирет”. (Дайлами)

"Аял күйөөсүнө азап тарттырбаса жалгыз намаздары себеби менен Бейишке кирет”. (Хаким)

"Кул туура болсо ихсан ээси болот. Ихсан ээси болгондо да ыйманы толук болот. Ыйманы толук болгондо да Бейишке кирет”. (И. Ахмед)

"Каалабаган адамдан башка үммөтүмүн бардыгы Бейишке кирет. Мага баш ийген адам Бейишке кирүүнү каалап жатат дегени. Каршы чыккан адам болсо каалабай жатат дегени”. (Бухари)

"Илим үйрөнгөн, күйөөсүнө моюн сунган аял, эне-атасына жакшылык кылган перзент пайгамбарлар менен бирге эсепке тартылбастан Бейишке кирет”. (И. Рафии)

"Текебердиги, кыянаты жана кул акысы болбогон адам Бейишке кирет”. (Насаи, Ибни Хиббан)

"Парз экенин билип беш маал намазды руку, сажда, даарат жана убактысына амал кылып уланткан адам Бейишке кирет”. (Табарани)

"Рамазан орозосун кармаган адам Бейишке кирет”. (Дайлами)

"Орозо кармаган абалда кайтыш болгон адам Бейишке кирет”. (Беззар)

"Бир мусулман боордошун ун муктаждыгын кетиргенден кийин кайтыш болгон адам Бейишке кирет”. (Абу Яъла)

"Тамак жегизген жана саламды жайган адам Бейишке кирет”. (Тирмизи, Табарани)

"Күйөөсү ыраазы болуп кайтыш болгон аял Бейишке кирет”. (Ибни Мажа)

"Аял күйөөсүнө азап тарттырбастан намаздарын окуса Бейишке кирет”. (Ибни Мажа)

"Эч кимдин өмүрүнө кол салбаган, арам жебеген, зина кылбаган жана ичкилик ичпеген адам Бейишке кирет”. (Беззар)

"Адал жеген, сүннөткө амал кылган жана эч кимге жамандык кылбаган адам Бейишке кирет”. (Тирмизи)

"Сүннөткө жармашкан адам Бейишке кирет”. (Даре Кутни)

"Аллаху тааладан башка кудай жок экенин билип кайтыш болгон адам Бейишке кирет”. (Муслим) (Ыймандын алты негизинин бирөөсүнө болсо да ишенбеген адам жалгыз кудайга ишенсе да Бейишке кире албат.)

"Жибин үзүп качкан төө сыяктуу Аллахтан качкан адамдан башка бардык адам Бейишке кирет”. (Табарани) (Аллаху таала билдирген динге, мусулмандыкка же ыймандын алты шартынан бирөөсүнө ишенбеген, жактырбаган, ибадат кылбаган же арам иш кылган адам Аллахтан качып жатат дегенди билдирет.)

"Ыкылас менен Раббим Аллах, диним Ислам жана пайгамбарым Мухаммед алейхиссалам деген адам Бейишке кирет”. (И. Ахмед) (Мухаммед алейхиссаламга ишенүү - анын билдиргендеринин бардыгын кабыл кылуу, ишенүү жана бардыгын жактыруу дегендик.)

"Ыкылас менен Ашхаду ан лаа илаха иллаллах ва ашхаду анна Мухаммадан абдуху ва Расулуху деген адам Бейишке кирет”. (Табарани)

"Эртең менен жана кечинде "Аллахумма анта рабби лаилаха илла анта халактани ва ана абдука ва ана ала ахдика ва вадика мастатату аузу бика мин шарри ма санату абуу лака би-ниматика алаййа ва абуу би занби фагфирли зунуби фаиннаху ла ягфируззунуба илла анта. Ла илаха илла анта субханака инни кунту миназ-залимин” деген адам ошол күнү же кечинде кайтыш болсо Бейишке кирет”. (Тирмизи)

"Жаназа намазында үч сап жамаат болгон адам Бейишке кирет”. (Тирмизи)

"Бейишке жалгыз таза болгондор гана киришет”. (Дайлами)

"Эки кыз перзентине жакшы мамиле кылган адам Бейишке кирет”. (Ибни Мажа)

"Адамдарды кечиргендер эсепке тартылбастан Бейишке киришет”. (И. Абиддуня)

"Жеп-ичкенден кийин "Алхамдулиллах” деген адам Бейишке кирет”. (Ибни Асакир)

"Зинадан сактанган адам Бейишке кирет”. (Байхаки)

"Үч, жада калса, бир баласы чарчап калган адам Бейишке кирет”. (Табарани)

"Ар жагдайда Аллаху таалага шүгүр кылган адамдар Бейишке киришет”. (И. Газали)

"Талашып тартышпаган, эч кимди таарынтпаган адам Бейишке кирет”. (Тирмизи)

"Бир адамдын туура жолду табуусуна себепкер болгон адам Бейишке кирет”. (Бухари)

Кырк даана хадиси шариф

Суроо: Түшүндүрүү талап кылынбаган кырк хадисти жаттап жана аны менен амал кылгандан кийин электрондук кат же башка жол аркылуу досторуна жиберүүнүн жакшы экенин айттыңыз. Оңой түшүнүлгөн жана өтө зарыл болгон кырк хадис жазасызбы?

Жооп: Дээрлик бардык хадиси шариф түшүндүрүүнү талап кылат. Ошондуктан, хадиси шарифтерди шарх (түшүндүрмө) китептеринен алуу керек. Кичине болсо да түшүндүрүүнү талап кылган хадиси шарифтердин кырк даанасынын мааниси төмөдөгүчө:

"Шашылган адам ката кылат”. (Байхаки)

"Күлүп күнөө кылган адам ыйлап Тозокко кирет”. (Абу Нуайм)

"Кечиргиле, ошондо силер да кечиримге жетесиңер!” (И. Ахмед)

"Бейишке жоомарттар кирет”. (Абушшайх)

"Өзүн аалыммын деген адам жахил”. (Табарани)

"Билбей фатва берген адамга периштелер каргыш айтышат”. (И. Лал)

"Истигфарды уланткан адам күтпөгөн жерден ырыскыга жетет”. (Ибни Мажа)

"Эртең мененки уйку ырыскыга кедерги”. (Байхаки)

"Адалдан табуу үчүн кыйынчылык тарткан адамга Бейиш важип болот”. (И. Газали)

"Дүнүйө акыреттин талаасы”. (Дайлами)

"Дин - көркөм ахлак”. (Дайлами)

"Эң жакшыңар - ахлакы эң жакшы болгонуңар”. (Бухари)

"Ынтымактуулукта жашоо акылдын башаты”. (Байхаки)

"Намыс кайраты ыймандан”. (Дайлами)

"Анын, мунун аялын, кызын жолдон чыгарган бизден эмес”. (И. Ахмед)

"Намыстуу болгула, ошондо аялдарыңар да намыстуу болот!” (Табарани)

"Аллах коркуусу - бардык хикматтын башаты”. (Табарани)

"Ар бир жакшылык – садага”. (Тирмизи)

"Жумшак мамиле кылбаган адам жакшылык кылбаган болот”. (Муслим)

"Ыйманы болбогон адам Бейишке кире албайт”. (Тирмизи)

"Бейишке жалгыз мусулман болгон адам гана кирет”. (Бухари)

"Бир момунду кубанткан адамды Аллаху таала кубантат”. (Ибни Мубарек)

"Белек достукту арттырат, душмандыкты кетирет”. (Табарани)

"Үнөмдөгөн адам байыйт, ысырап кылган адам кедейлешет”. (Беззар)

"Истишара (кеңешүү) өкүнүүгө каршы чеп”. (И. Маверди)

"Жеке оюңар боюнча иш кылбагыла!” (Табарани)

"Дин боордошуңа каршы болбо”. (Тирмизи)

"Өзүн жактырган адам куруйт”. (Бухари)

"Берген кол алган колдон үстөм”. (Бухари)

"Бир жакшылыкка себепкер болгон адам аны кылган сыяктуу”. (Тирмизи)

"Жалгыз ыкылас менен кылынган амал гана кабыл болот”. (Насаи)

"Эң үстөм жихат - напсиге каршы кылынган жихат”. (Ибни Нажжар)

"Эң үстөм садага – илим үйрөнүп-үйрөтүү”. (Ибни Мажа)

"Эң үстөм ибадат – фыкых”. (Табарани)

"Намаз - диндин тиреги”. (Байхаки)

"Орозо кармаган шыпаа табат”. (Табарани)

"Жылмайуу – садага”. (Ж. Сагир)

"Адамдын дини досунун дини сыяктуу. Ошондуктан, ким менен дос болгонуңарга көңүл бургула”. (Хаким)

"Тилин тыйган адам кутулду”. (Тирмизи)

"Дуба момундун куралы”. (И. Абиддуня)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш