Ислам дини » Кошумча темалар » "Кылсаң баарын кыл же кылбай эле кой" деген түшүнүк тууралуу




"Кылсаң баарын кыл же кылбай эле кой" деген түшүнүк тууралуу


Суроо: Мен намаз окуган, орозо кармаган, арамдардан сактанууга аракет кылып жаткан бир аялмын. Бирок, жоолукчан эмесмин. Эки топтогу адамдар мени жадатып жатышат:

Бир бөлүгү айтат:

"Башың ачык болгондуктан эч бир ибадатың кабыл болбойт, бекерге ибадат кылбай эле кой, Ислам бир бүтүн, бардыгын толук аткаруу керек" деп айтып жатышат. Бир бөлүгү да, ушак айтпагыла, ичкилик ичпегиле, калп айтпагыла сыяктуу сөздөрдү айтканымда, "сен да жоолук салынбайсыңго" деп айтып жатышат. Булардын мени минтип сындоолору туурабы?

Жооп: Албетте, жаңылыш. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө ибадаттарда "кылсаң баарын кыл же кылбай эле кой” деген түшүнүк бар. Же бардыгы же эч бири деген түшүнүк ыйманда болот, күнөөлөрдө жана ибадаттарда болбойт. Ыймандын азы-көбү болбойт. Ыйман же бар же жок. Кээ бир ибадаттарды жасай албаган же кээ бир күнөөлөрдөн сактана албаган адамга, сен бул күнөөнү кылып жатасың, ошондуктан, ибадат кылууңдун кереги жок деп айтылбайт. Күнөө кичине болсо да сактанууга аракет кылуу керек. Бир күнөөгө көнүп калган адам башка күнөөлөрдү да каалашы ыктымал. Бир күнөө башка күнөөлөрдү тартат. Күнөө дегени – каршы чыгуу дегендик. Акылдуу адам Жаратканына каршы чыгуусун арттырабы? Тескерисинче, азайтууга аракет кылат.

Имам Раббани хазреттери айтат:

Бардык күнөөлөргө тообо кылып, баарынан сактануу чоң немат. Эгер бул ишке ашпаса, кээ бир күнөөлөргө тообо кылуу да немат. Булардын берекеси менен балким бардык күнөөлөргө тообо кылуу насип болот. "Бир нерсенин бардыгы колго тийбесе барынан тең  баш тартпоо керек” деп айтылды. (2/66)

Бир канча күнөөгө белинен баткан адам, бирөөсүнөн баш тарткысы келсе, ага "Башка күнөөлөрдөн баш тарпаганың үчүн бул күнөөнү да кыла бер” деп айтылбайт. Күнөөнүн саны канчалык азайса ошончолук жакшы болот. Анткени, Аллахтан коркуп, бир күнөөдөн баш тартуу ыймандын белгиси. Ыйык хадисте айтылат:

"Өмүрүндө бир жолу Аллахты эстеген же Андан корккон мусулман сөзсүз Тозоктон чыгат”. (Тирмизи)

Андай болсо кандай күнөө болсо болсун, сактанууга аракет кылсак, күнөөлөрүбүздүн жазасын Тозокто тартсак деле, бир күнү ал жерден кутулуп, Бейишке киребиз. Жада калса, шапаатка жетип, Тозоко эч кирбестен Бейишке кирүү ыктымалдыгы бар. Ошондуктан, ыйманды сактап өлүүгө аракет кылуу керек. Ыйманды сактап өлүү үчүн арамдардан сактануу жана ибадаттарды орундоо керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш