Ислам дини » Кошумча темалар » Күнөөгө маани бербөө деген эмне?




Күнөөгө маани бербөө деген эмне?


Суроо: Айрымдар: "Ичкилик ичкен адам арам экенине маани берсе ичмек эмес, ачык жүргөн аял мунун арам экенине маани берсе оронмок. Андай болсо, кылып жаткан күнөөлөрүнө таарынбагандыктары үчүн, башкача айтканда, маанисиз деп билишкендиктери үчүн капыр болушууда”, - деп айтып жатышат. Бул маселени түшүндүрүп бересизби?

Жооп: Күнөөнү маанисиз деп эсептөөнүн эмне экенин көпчүлүк билбейт, ошондуктан, күнөөлүүлөр капыр деп аталып жатат. Бул туура эмес. Кайгырбаган, маани бербеген адам ыйманынан ажырайт, бирок, кайгыруу, маани бербөө деген эмне?

Мисалы, намаз окуган бир аял ачык жүрүүнүн күнөө экенин билсе, "Оронуу Аллахтын буйругу, оронсок жакшы болмок, бирок, азыркы күндө ороно албай жатабыз” деп айтса бул аялга ыймансыз деп айтылбайт. Ушул сыяктуу ичкилик ичкен адам да, "Ичкилик ичүү арам, бирок, көнүп калдык, таштай албай жатабыз” деп айтса, бул адамга ыймансыз деп айтылбайт.

Тескерисинче, такыр ичкилик ичпеген бирөө: "Бир стакан ичкилик ичүү күнөө болуп эсептелбейт”, - деп айтса, күфүргө түшөт. Же болбосо: "Баары эле ачык жүрөт го, эмне болуптур, биз деле жүрөбүз, баары ичип жатат, биз деле ичип жатабыз, мас болбогондон кийин эмне зыяны бар эле”, - деп арамды маанисиз деп эсептөө күфүр болот.

Аллаху тааланын каары күнөөлөрдүн ичине жашырылган. Бир күнөөнүн айынан чоң азапка дуушар болуп калышы ыктымал. Жүз миң жыл ибадат кылган жакшы бир пендесин түбөлүккө Тозокко киргизиши мүмкүн. Мисалы, жүз миң жыл моюн сунган Иблис текеберленип, сажда кылбаганы үчүн түбөлүк тозоктук болду. Адам алейхиссаламдын баласы бир адамды өлтүргөнү үчүн түбөлүк тозоктук болду. Бардык дубасы кабыл болгон Беламы Баура бир күнөө иш кылгандыктан ыймансыз кетти. Карун зекет бербегени үчүн мал-мүлкү менен жок болду. Андай болсо, ар бир күнөөдөн сактанууга аракет кылуу керек. Бир ыйык хадисте: "Кичине бир күнөөдөн сактануу бардык жин менен адамдардын (напил) ибадаттарынын топтомунан жакшыраак”, - деп билдирилген. Ар бир күнөө Аллаху таалага каршы чыгуу болгондуктан чоң. Бирок, айрымдары айрымдарына караганда кичине болуп көрүнөт. Бул кичине күнөөнү кылбоо бардык ааламдын напил ибадаттарынан да сооптуураак. Анткени, напил ибадат кылуу парз эмес. Күнөөлөрдөн сактануу болсо – парз. (Рыяд-ун-насыхин)

Ыйманы менен өлгөн күнөөлүү адам жазасын тартып бүткөндөн кийин Бейишке кирет. Бирок, бир адам: "Бейишке кирүү үчүн амал шарт эмес”, - деп, ибадат кылбаса, кылган күнөөлөрү жүрөгүн карайтат жана ыйманы кетиши мүмкүн. Ыйман шамга окшойт, ибадаттар шамды курчап турган айнек сыяктуу. Шам менен айнек экөө тең мусулмандык. Айнексиз шам оңой өчүп калышы мүмкүн. Ыймансыз Ислам болбойт, Ислам болбосо, ыйман да жок. (К. Саадат)

Аллаху тааланын ыраазычылыгын жана каарынын кайсы иште, кайсы сөздө экендигин биле албайбыз. Ошондуктан да, эч бир сөздү, эч бир жакшылыкты жана жамандыкты кичине жана маанисиз деп көрбөө керек. Аллаху таала ыраазычылыгын жакшылыктардын ичине, каарын да күнөөлөрдүн ичине жашырган. Маани берилбеген бир күнөө Аллаху тааланын каарына себеп болуп калышы ыктымал. Ошондуктан, ар бир сөзүбүзгө кылдаттык менен маани берүүгө тийишпиз. Улуулар: "Сөз бар иш бүтүрөт, сөз бар баш кетирет”, - деп айтышкан.

Ибадат кылбоо, күнөөлөрдөн сактанбоо адамдын жүрөгүн карайтат, убакыт өтүп күфүргө тартат, капыр болот. Күнөөлөрдүн бардыгы Аллаху тааланын буйругун аткарбоо болгондуктан өтө чоң.

Ислам аалымдары айтышат: "Напсинин азыгы - арамдар. Нафси аммара болсо капыр жана акмак. Ар бир кылып жаткан иши өзүнүн зыянына. Ошондуктан, анын каалоолорун орундабоо аркылуу азыгын бербөө керек. Башкача айтканда, арам жана күнөө иш кылбоо керек. Напси менен шайтан башкарууну колго ала турган болсо, адам каалабаса да, өзүн күнөөлөрдөн тыя албайт, билип туруп кылат. Тормозу же рулу иштебей калган унааны айдоочусу башкара албай калганы сыяктуу. Кайда барып токтой турганы, эмнени сүзө турганы белгисиз.

Ибни Мункадир хазреттери өлүм төшөгүндө ыйлап жаткан эле. Себебин сурашты. "Атайылап чоң бир күнөө кылган жокмун. Маанисиз деп эсептеген бир кичине күнөөм Аллаху тааланын каарына себеп болгон болсочу деп коркконум үчүн ыйлап жатамын”, - деди.

Мына ушундай коркуулар мусулмандын кутулуусуна себеп болот. Анткени, ыйык хадисте: "Аллаху таала Кыяматта айтат: "Дүнүйөдө бир күн мени эстеп зикир кылган, менден бир жолу болсо да корккон адамды Тозоктон чыгарамын”, - деп кабар берилди. (Тирмизи)

Күнөө кылганда үмүтсүздүккө түшүп калбаш керек, дароо тообо кылыш керек. Момун Аллаху тааланын ырайымынан да үмүтүн үзбөөгө тийиш жана Андан өтө коркууга да тийиш. Ыйык хадисте: "момундун жүрөгүндө коркуу менен үмүт бар болсо, Аллаху таала ага үмүт кылган нерсесин берет, корккон нерсесинен сактайт”, - деп айтылды. (Ибн Мажа, Тирмизи)

Башкача айтканда, бир момун Аллаху тааланын азабынан коркот, ырайымынан да үмүтүн үзбөйт, арамдардан сактанып, ибадаттарын орундай турган болсо Бейишке барат.

Бир адам канчалык чоң күнөө кылган болсо да Аллаху таланын ырайымынан үмүтүн үзбөөгө тийиш. Жада калса, эң жаман бир капыр да тообо кылып, "Ла илаха иллаллах Мухаммадун Расулуллах” деп айтса бардык күнөөлөрү кечирилет, таптаза бир адамга айланат. Башкача айтканда, дүнүйөдө Аллаху тааланын кечирбей турган күнөөсү жок. Тообо кылганда ширкти (капырлыкты) да кечирет. Бирок, өлгөндөн кийин капырларга кечирим болбойт.

Ыйык Куранда, Зумар сүрөсүнүн 53-ыйык аятынын маанисинде: "Айт: О, менин көп күнөө кылуу менен чегин ашкан пенделерим, Аллахтын ырайымынан (бизди кечирбейт деп) үмүтсүз болбогула! Анткени, Аллах (ыймандуулардын) бардык күнөөлөрүн сөзсүз кечирет. Чынында, Ал – чексиз кечирим жана эбегейсиз ырайым Ээси”, - деп буюрулду.

Аллаху тааланын азабынан коркуу керек жана Анын ырайымынан да үмүтсүз болуп калбоо керек!

Суроо: Китептерде: "Кандайдыр-бир арам, жада калса, бир макрух ишке маани бербей кылуу же кандайдыр бир сүннөттү маани бербей таштоо куфур болот”, - деп айтылууда. Биз ушактайбыз, баланча киши сен тууралуу мындай деп жатат деп сөз ташыйбыз. Арам нерселерди карайбыз, музыка угабыз. Калп айтабыз. Ачык жүрөбүз. Гайри муаккада сүннөт деп аср жана куптан намазынын сүннөтүн окубаган убакыттарыбыз болот. Жада калса, башка сүннөттөрдү да окубаган кездерибиз болууда. Жамаат сүннөтүн таштап койгон кездерибиз да болууда. Жума күнү гусул албай, сүннөттү таштап койгон болуудабыз. Буларды билип туруп жасап жатабыз. Булар күнөөгө, макрухка же сүннөткө маани бербөө болобу? Куфурга түшүп калып жатабызбы?

Жооп: Күнөөгө маани бербөө кымындай болсо да кайгырбоо, капаланбоо деген сөз. Бул өтө назик маселе. Арам экенин билсе да, напсисин ээрчип, арам иш кылуу күфүр болбойт. Жалкоолук менен же башка бир себеп менен бир сүннөттү таштап коюу күфүр болбойт.

Бир адам кылган арам иштин арам, макрух иштин макрух экенин билсе, кылбаш керек экенине ишенсе, кылбасам жакшы болмок деп жаткан болсо, башкача айтканда, капаланып, кайгырып жаткан болсо, напсин, жаман досторун ээрчип кылып жаткан болсо арамга же макрухка маани бербеген болуп эсептелбейт, башкача айтканда, ага капыр делбейт.

Күнөөнү өтө нормалдуу нерсе деп көрүп жаткан болсо, кылып жатканда кымындай болсо да кайгырбай, капаланбай жаткан болсо, "Күнөө кылып жатамын, бирок, ичим, жүрөгүм таза, сен жүрөккө кара, күнөөнүн мага зыяны жок” деп жаткан болсо, тактап айтканда, күнөө кылуу табигый сезилип жаткан болсо жана кылганы үчүн такыр капаланбай жаткан болсо, анда күнөөгө маани бербеген болот, күфүргө түшөт. Ачык жүргөн бир аял оронуунун Аллахтын буйругу экенин билсе, ишенсе жана жактырса, бирок, айлана-тегерегиндегилердин кысымы, айыпталуу коркуусу, ырыскы маселеси сыяктуу кандайдыр бир себептен улам ороно албай жаткан болсо, бул аялга капыр деп айтылбайт. Оронууну Аллахтын буйругу деп кабыл кылбаса же кабыл кылса да, жактырбай жаткан болсо, ачык жүргөнү үчүн бир да капаланбай жаткан болсо, ошондо гана күфүр болот.

Суроо: Бир адамга жеңи кыска кийим менен жана такыясыз намазга баштап жатканда "токто, такыя берейин, мына бул көйнөктү да кийип алгын" дедим. Кереги жок деп, четке какты. Сүннөткө же макрухка маани бербөөнүн диндеги орду кандай?

Жооп: Балким такыянын сүннөт экенин, жеңи кыска кийим менен намаз окуунун макрух экенин билбесе керек. Намаз окуган адам билип туруп андай кылбайт. Анткени, сүннөткө жана макрухка маани бербөө күфүр болот. Ал эми, арам нерсени арам деп билип кылса, күфүр болбойт. Бирок, арамга, макрухка маани бербөө күфүр болот.

Күнөө жана ыйман

Суроо: Зина кылган адам куфурга түшө турганы үчүн ыйманы менен никесин жаңыртууга тийишпи?

Жооп: Зинанын күнөө экенин билип туруп, бирок, напсин ээрчип, зина кылуу күфүр болбогондугу үчүн ыйманы менен никесин жаңыртуу керек эмес. Эгер ыйманы кеткен болгондо никесин да жаңыртуусу керек болмок. Арамдардын бардыгы ушундай. Мисалы, ичкилик ичкен адам күнөө экенин билип, мисалы, ушул ичкиликти ичпесек жакшы болмок деп ичип жаткан болсо куфур болбойт. Күнөө экенине маани бербестен, кайгырып, капаланып да койбостон ичкилик ичүү күфүр болот. Намаз окубоо да ушундай. Жалкоолуктан эмес, намазга маани бербегени үчүн, милдет деп кабыл кылбагандыгы үчүн окубай жаткан болсо, күфүр болот. "Биз да окусак жакшы болмок” деп айтып жаткан болсо күфүр болбойт. Оронууда да ушундай, кандайдыр бир себепке байланыштуу орундай албай жаткан болсо, бирок, "Орундоо керек”, орундагандарга "Кандай жакшы!” деп жаткан болсо күфүр болбойт.

Арам жана күфүр

Суроо: Соопторубуз күнөөлөрдү өчүрүп жатат. Андан башка чоң күнөөлөр үчүн шафааттар да бар болгондуктан арам иш кылуудан анчалык коркпоймун. Бул оюмда кандайдыр бир жаңылыштык барбы?

Жооп: Көп жаңылыштык бар.

Биринчиси: Ибадаттарыбыздын кабыл болуп же болбогонун, башкача айтканда, сообубуздун бар же жок экени так белгилүү эмес. Бирок, күнөөлөрүбүз так белгилүү. Андай болсо, анык сооптору болбогон адам кантип коркпой күнөө кыла алат?

Экинчиси: "Арамдарды кечирте ала турган чоң соопторубуз болушу керек. Ар сооп ар арамды жок кыла албайт.

Үчүнчүсү: Ибадаттарыбыз бизди арам иш кылуудан сактабай жаткан болсо, демек, кандайдыр бир кемтигибиз, бир катабыз же ыкылассыздыгыбыз бар. Бул да ибадаттардын кабыл болбой жатканынын белгиси. Кабыл болбогон ибадаттар күнөөлөрдү жок кыла албайт.

Арам иш кылган адамга белгилүү бир убакыттан кийин арамдар мубахтай сезиле баштайт. Такыр маани бербей калат жана натыйжада арамдар аны күфүргө түшүрөт. Анткени, ыйык хадисте:"Арам иш кылууну улантуу күфүргө себеп болот”, - деп айтылды. (Мактубати Масумия, 110-кат)

Ошондуктан, дайым күнөө иш кылган адамдын күфүргө түшүп калуудан кутулуусу өтө кыйын. 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш