Ислам дини » Кошумча темалар » Шыпаа үчүн истигфар окуу




Шыпаа үчүн истигфар окуу


Суроо: Шыпаа үчүн истигфар дубасы окула турган болсо маанисин да ойлоо (түшүнүү) керекпи?

Жооп: Мухаммед Масум хазреттери айтат:

"Истигфар окуп жатканда маанисин да ойлоо керек. Окуган адамды жана жанындагыларды дарттардан, кыйынчылыктардан, оорулардан куткарат. Көпчүлүк окуду, пайдасы дайым көрүлдү.” (С. Абадиййа)

            "Шыпаа үчүн истигфар дубасын окуу өлүмдөн башка бардык дарттарга, ооруларга каршы пайдалуу. Өлүм алдында жаткан оорулуунун азап-кыйынчылыктарын жок кылат, жеңил жан тапшыруусун камсыз кылат.” (Ислам Ахлагы)

            Истигфар окула турган кезде жүз жолу "Астагфируллах мин күлли ма карихаллах” деп окуу керек жана жүз жолу "Астагфируллахал азим аллази ла илаха илла хувал хаййал каййума ва атубу илайх” деп окуу керек жана маанисин ойлоп айтуу керек. Биринчисинин мааниси төмөндөгүчө:

            "Өзү ыраазы болбогон нерселерден кылгандарымды кечире көр жана аларды кылуудан да мени коргой көр!”

            Экинчисинин мааниси болсо төмөндөгүчө:

            "Өзүнөн башка Кудай болбогон Хайй, Каййум жана Азим болгон Аллахка истигфар кыламын жана күнөөлөрүмө өкүнүп Ага сыйынамын!” [Азим – заты жана сыпаттары баарынан бийик туруучу. Хайй – эзели жана түбөлүк тирүү. Каййум – бардык макулуктарды тикелеп кармап туруучу.]

            "Оорулууга шипаа үчүн 70 истигфар окуу керек. Окуп бүтүп башына үйлөп, кыска бир дуба кылуу керек. Дубаларынын жана истигфарынын кабыл болуусу үчүн намаздарын окуу керек, арамдардан сактанып, даараттуу болуу керек. Истигфарды жана дубаларды даараттуу окуу мухтахаб.” (С. Абадиййа)

 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш