Ислам дини » Кошумча темалар » Бардык кунөөлөрү кечирилет




Бардык кунөөлөрү кечирилет


Суроо: Кээ бир хадиси шарифтерде "муну-тигини кылган адамдын бардык күнөөлөрү кечирилет...” деп айтылууда. Буларга чоң күнөөлөр да киреби? Мисалы, кумар, арак, пайыз, зина, адам өлтүрүү, тартып алуу, намаз окубоо, орозо кармабоо сыяктуу чоң күнөөлөр да киреби?

Жооп: Фыкх илими хадиси шарифтерден үйрөнүлбөйт. Хадиси шарифтердин түшүндүрмөсү накылга негизделген илмихал китептеринен үйрөнүлөт. Мисалы, хадиси шарифтерде төмөндөгүчө айтылат:

"Даарат алган адамдын бардык күнөөлөрү кечирилет.” (Муслим)

"Күндө үч жолу Адам алейхиссаламга салават окугандын, башкача айтканда, "Салаватуллахи ала Адама” деп айткан адамдын бардык күнөөлөрү кечирилет.” (Дайлами)

"Ажыга бара жатканда же келе жатканда кайтыш болгон адамдын бардык күнөөлөрү кечирилет.” (Исфахани)

"Күндө намаздан кийин 3 жолу "Астагфируллахал азим аллази ла илаха илла хувал хаййал каййума ва атубу илайх” деп окуган адамдын бардык күнөөрү кечирилет.” (Ибни Сүнни)

"Ар намаздан кийин 33 Субханаллах, 33 Алхамдулиллах, 33 Аллаху акбар, анан "Ла илаха иллаллаху вахдаху ла шарика лах, лахул-мулку ва лахул-хамду ва хува ала кулли шайин кадир” деп окуган адамдын деңиздин көбүгүндөй күнөөсү болсо да кечирилет.” (Муслим)

"Ишрак маалында эки рекет намаз окуган адамдын бардык күнөөлөрү кечирилет.” (И. Ахмед)

"Эки мусулман саламдашып мусафаха кылса (кол алышып учурашса) жана бир жолу мага салават айтышса энеден жаңы төрөлгөндөй бардык күнөөлөрү жуулат.” (Р. Насихин)

Жогорудагы хадиси шарифтер шартсыз айтылган. Ошондуктан, кээ бир шарттары бар. Бардык күнөөлөрдүн кечирилүүсү үчүн кээ бир шарттар бар:

1 – Акыйдасы туура болууга тийиш. Ахли сүннөт акыйдасында болбогон, бидатчы болгон адамдын эч бир ибадаты кабыл болбойт.

2 – Парздарды орундап, арамдардан сактануу шарт. Мисалы, намаз окубаган же зина кылган адам миң мусулман менен кол алышып учурашып чыкса да күнөөлөрү кечирилбейт.

3 – Күнөөлөрүнө тообо кылуу жана кул акыларын да төлөөгө тийиш.

4 – Ал иштерди ибадат катары орундоого ниет кылуу да шарт.

5 – Андан башка, бардык күнөөлөр делгенде чоң күнөөлөр түшүнүлбөйт. Негизи майда күнөөлөр түшүнүлөт. Тактап айтканда, жогоруда билдирилгендер – майда күнөөлөр. Ушундай болсо да, эч кылбагандан көрө колубуздан келгенин да таштап койбошубуз керек. Айрыкча, тообо кылганда чоң күнөөлөр да кечирилет.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш