Суроо: Жетимиш истигфарды намаздан кийин дароо окуу
керекпи? Пайдалары эмнелер?
Жооп: Хадиси шарифтерде айтылды:
"Ар намаздан кийин жетимиш истигфар окуган
адамдын кылган күнөөлөрү кечирилет жана Бейиштеги сарайларын көрбөй туруп бул
дүнүйөдөн кетпейт.” (Дайлами)
[Башкача айтканда, өлүп жатканда Бейиштеги
сарайларын көрөт.]
"Ар намаздан кийин үч жолу
"Астагфируллахал азим аллази ла илаха илла хувал хаййал каййума ва атубу илайх”
деп окуган адамдын бардык күнөөрү кечирилет.” (Ибни Сүнни)
Мухаммед Масум хазреттери бул үч истигфарды
намаздын аягында Аллахумма антассалам... дан кийин, калган 67 истигфарды болсо
бир гана Астагфируллах деп, дубадан кийин окугандыгын билдирүүдө. (2-том,
80-кат)