Ислам дини » Кошумча темалар » Илмал йакин, Айнал йакин жана Хаккал йакин




Илмал йакин, Айнал йакин жана Хаккал йакин


Илм-ул-йакин – илим аркылуу билүү,

Айн-ул-йакин –  көзү менен көрүү аркылуу билүү,

Хакк-ул-йакин – бардык нерсеси аркылуу билүү, күбө болуу.

Бир мисал аркылуу түшүндүрөлү:

Ыйык Медина калаасында жашаган бир адам өмүрүндө эч качан кар көрбөгөн болсо, кар ага түшүндүрүлсө ал адамдын кар тууралуу илими "Илм-ул-йакин” деп аталат.

Жакындан карды көрүү аркылуу пайда болгон илими болсо "Айн-ул-йакин” деп аталат.

Карды колуна кармап изилдесе, муздактыгын билсе, кичине жеп көрүп даамын байкаса бул илими болсо "Хакк-ул-йакин” деп аталат.

Муракаба кылып жатканда олуяларда кээ бир абалдардын пайда болуусу "Илм-ул-йакин” деп аталат. Жүрөктө бир нурдун пайда болуусу "Айн-ул-йакин” деп аталат. Аллаху тааланын ахлагы менен ахлактануу болсо "Хакк-ул-йакин” деп аталат. (Мактубати Дехлеви)

Тасаввуфчулардын асардан муассыры, башкача айтканда, ишти көрүп, муну кылганды кашф аркылуу түшүнүүсү "Илм-ул-йакин” деп аталат. (Мактубати Раббани, 3-том, 39-кат)

Бейиштин жана Тозоктун бар экендиги йакин аркылуу билине турган болсо бул "Илм-ул-йакин”, периштелердин билүүсү сыяктуу күбө болуп көрүлө турган болсо бул "Айн-ул-йакин” деп аталат. Дүнүйөдө кылынган жаман иштердин акыреттеги жообу Тозок экендиги ушундай илм-и йакин аркылуу билинет. Такасур сүрөсүндө: "Илм-и йакин аркылуу билгениңерде Тозокту албетте көрмөксүңөр”, - деп билдирилүүдө. Пайгамбарлар илм-и йакин аркылуу Бейишти, Тозокту жана акырет жагдайларын билишет. Бул илимдери "Илм-ул-йакин” деп аталат. (Мукашафат-ул-кулуб)

 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш