Суроо: Расулуллахтын жана кутман сахабалардын напсилери
итминанга жеткендигине (ыйман келтиргенине) караганда "Кичүү жихаттан
кайттык, напсиге каршы болгон чоң жихатты баштадык” ыйык хадисиндеги
напсиге каршы болгон жихат эмне?
Жооп: Имам Раббани хазреттери айтат: "Напси мутмаинна
болгон (шек-күмөндөн арылып, ыйман келтирген) кезде кымындай болсо да азгындык,
ташкындык кылбайт. Андай напси Ислам динине толук моюн сунган болуп, бардык
жамандыктары жок болгон. Ээси үчүн өзүн жок кылган. Мына ушундай напсинин Ислам
динине моюн сунбоосу мүмкүн эмес. Напси Аллаху таалага, Аллаху таала да ага
ыраазы болго кезде эми башка ташкындык, азгындык кылбайт. Азгын болгон нерсеге
ыраазы болунбайт. Аллаху таала ыраазы болгон напси ыраазы болбогон бир нерсе
кыла алышы мүмкүнбү? Ыйык хадисте билдирилген чоң жихат денеге каршы кылынган
жихат. Анткени, адамдын денеси суу, от, топурак жана аба сыяктуу бири-бирине
кайчы болгон төрт түрдүү заттан куралган. Ар бир зат өзүнчө бөлөк нерселерди
каалоодо жана бөлөк нерселерден качууда. Адамдын шахватка байланыштуу
каалоолору денесинен улам пайда болууда. Ачуулануусу, каалабоосу да денесинен
улам пайда болууда. Бул жихаттын аягы жок. Напсинин итминанга жетүүсү жана
жүрөктүн олуялык даражасына жетүүсү менен бул жихат жок болбойт. Адамда бул
хижаттын болуусу түрлгүү пайдаларды камсыз кылууда. Ушинтип дене тазарат.
Акыретте жогорку даражаларга жетүүгө себеп болот.” (2/50)
Бул жердеги чоң жихат адамдын мүнөзүн Ислам
ахлакына шайкеш түрдө оңдоого аракет кылуу. "Жан чыгат, мүнөз
чыкпайт” сөзү туура. Мүнөз толук жок болбойт. Бирок, тарбия кылынышы
мүмкүн. Башкача айтканда, Ислам ахлагына ээ боло турган болсо мүнөзүн жакшы
жерлерде колдонот. Мисалы, каардуу мүнөзгө ээ болсо муну оң максатта колдонот.
Жамандарга каршы күрөшөт. Мүнөзү начар адамга анын бир күн болбосо бир күн
зыяны тийет. Же бир көңүлдү сындырат же болбосо бирөө жарымга акарат кылат.
Ошол кезде ага чейин тапкандарынын баары жок болот. Жаман мүнөз – бул чоң
балээ. Мисалы, өжөрдүк жана текебердик кимде бар болсо өтө жаман. "Меники
туура, менин оюм туура” деп айтуу жана өзүн башкалардан жогору көрүү сезими
текебердиктен улам пайда болот. Булар ыймансызда бар болсо ыйман келтирип
мусулман болуусуна тоскоолдук кылат. Мусулманда бар болсо акыркы деминде
ыймансыз кетүүсүнө себеп болот.
Мүнөздү тарбиялоо өтө кыйын. Пайгамбарыбыз
алейхиссалам: "Мен көркөм ахлакты толуктоо, түшүндүрүү үчүн
жиберилдим”, - деп айтууда. Башкача айтканда, мүнөзүңөрдү оңдоо үчүн
келдим деп айтууда.
Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын эң чоң мужизаларынын
бири – бардык иштеринин, кыймыл-аракеттеринин, мүнөздөрүнүн дайым ачык айкын
болуусу. Эң көркөм ахлак - чектен чыкпай дайым орто жолдо болуу. Мисалы, коркок
болуу да, чектен тыш кайраттуу болуу да жакшы эмес. Эң жакшысы экөөнүн ортосу,
тактап айтканда, эр жүрөктүү болуу, бирок, керек болгондо коркунучтардан да
качуу. Эң сонун ахлак – чектен чыкпастан дайым орто жолдо болуу. Бардык
нерсенин ортосун тапкан киши жалгыз Расулуллах (саллаллаху алейхи ва саллам).
Биз ортону таба албайбыз. Бирок, ортого жакынын табууга аракет кылышыбыз керек.
Дал ортосунда болбосо да ортого жакын болгон, тактап айтканда, мүмкүн болушунча
дал ортого жакын болууга аракет кылган адам кутулат.