Ислам дини » Кошумча темалар » Иблистин периштелерден сураган суроолору




Иблистин периштелерден сураган суроолору


Суроо: Иблистин периштелерден сураган суроолору кайсылар?

Жооп: Шайтандын периштелерден сураган суроолору Абдулгани Наблуси тарабынан билдирилген:

Шайтан сурайт: "Пенденин ибадатынын Аллахка эч кандай пайдасы жок. Ушу сыяктуу каршы чыгуусунун да эч кандай зыяны жок. Аллах анда эмне себептен буйругун аткарууларын, тыюусунан сактанууларын каалап пенделерин милдеттүү кылган?

Жооп: Имам Раббани хазреттери айтат: "Адамдарга ибадаттар пайдалуу, арамдар болсо зыяндуу. Аллаху таала эч нерсеге муктаж эмес болсо да буйрук жана тыюуларды берүү аркылуу пенделерин шарапаттандырган.” (73-кат)

Шайтан сурайт: "Капырдын күнөө кыла тургандыгы анык болуп турса да анын жаратылуусунда эмне сыр бар? Сажда Аллахтын өзүнө кылынышы керек болуп туруп Аллах эмне үчүн Адамга сажда кылуумду буйрук кылды?”

Жооп: Имам Раббани хазреттери айтат: "Пенде Ээсинин иштеринин себебин сурай албайт! Эгер Аллаху таала бардык адамдарды Тозокко киргизип, түбөлүк азап кылганда эч кимдин бир суроо суроого акысы болмок эмес. Анткени, өзүнүн жараткан мүлкүн колдонууда. Башка бирөөнүн мүлкүнө кол салуу жок болгондон кийин кантип зулумдук деп айтылсын? (266-кат)

Абдулгани Наблуси хазреттери да накыл кылып айтат: "Аллаху таала Иблиске: "Эй, Иблис, сен мени тааныган жоксуң. Эгер тааныганыңда мага эч бир ишимде каршы чыгуу жана моюн сунбоонун мүмкүн эместигин билмексиң. Менден башка Кудай жок. Жасагандарыман эч кимге эсеп бербеймин”, - деп айтты.” (Хадика)

Ооба, капырдын күнөө кыла тургандыгы чындык. Бирок, Аллаху тааланын адилети мындайча: каршы чыкпаса эч кимди Тозокко киргизбейт. Ошондуктан, ыйман жана каршы чыгуу мүмкүнчүлүгү берген пенделерин сынактан өткөргөндөн кийин сыйлык-сооп же жаза берүүдө. Натыйжада пенделер үчүн эч кандай шылтоо калбоодо. Иблисти да: "Сажда кыл!” – деп буйрук берип сынаган.   

Шайтан сурайт: "Эмне үчүн мен Аллахка эмес Адамга сажда кылбагандыгым үчүн каргышка учурадым?”

 Жооп: Шайтан "Менин Адамга сажда кылбаганымдын Аллахка каршы чыгуу менен эмне байланышы бар” деп айтмакчы болууда. Шайтан Адам алейхиссаламга каршы чыккандыгын ойлоп жатат. Ал эми, Хазрети адамдын алдында "Сажда кыл!” буйругун Аллаху таала берүүдө. Бул буйрукка баш ийбөө - Адам алейхиссаламга эмес Аллаху таалага каршы чыгуу.

Шайтан сурайт: "Каргышка учураган болсом да эмне себептен адамдарды алдоо туура жолдон тайдыруу үчүн мага мүмкүнчүлүк жана узун мөөнөт берилди?”

Жооп: Аллаху таала каршы чыккандын жана моюн сунгандын белгилүү болушу үчүн "Чочконун этин жебегиле, арак ичпегиле” деген сыяктуу кээ бир тыюуларды билдирди. Чочкону жана аракты жаратып тыюу салгандыгы сыяктуу, шайтанды жаратып адамдарды алдоосу үчүн ага узун мөөнөт бергендиги да адамдар үчүн бир сыноо. Бул сыноодон ийгиликтүү өтүүлөрү үчүн Аллаху таала кутулуунун жолун да көргөзгөн. Ушундай бир сыноо болууда; суроолору менен жоопторунун бардыгы белгилүү. "Ушуларды кылсаңар сыноодон кулайсыңар, ушуларды кылсаңар өтөсүңөр" деп билдирүүдө. Сыноодон кулагандарды да Бейишке киргизиши мүмкүн эле. Бирок, мүлк Аныкы болгондуктан ыйман келтирбегендерге Бейишин арам кылган. Эч кимди да күчү жетпей турган нерселерге милдеттүү кылган эмес. Ар кимге акыл жана мүмкүнчүлүк берген, кыла турган иштеринде эркин кылган. Ошондуктан, адамдар үчүн эч кандай шылтоо калган эмес.

 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш