Ислам дини » Кошумча темалар » Шайтандын куулуктары жана моюндоолору




Шайтандын куулуктары жана моюндоолору


Ибни Аббас хазреттери айтат:

"Расулуллах менен чоогу отурган элек. Ошондо бирөө уруксат сурап ичке кирмекчи болду. Расулуллах: "Ал Иблис”, - деди. Хазрети Омар: "Йа, Расулаллах! Уруксат берсеңиз, аны өлтүрөйүн”, - деди. "Эй, Омар, өзүң да билесиң, ага белгилүү бир убакытка чейин мөөнөт берилген. Эшикти ачкыла, келсин!” – деди. Шайтан ичке киргенде: "Мен бул жерге аргасыз келдим. Аллах жиберди мени. Адамдарды кантип алдай тургандыгым тууралуу чындыкты айтып беремин”, - деди. Расулуллах алейхиссалам сурады:

- Сен сүйбөгөн жана душман болгон адамдар кимдер?

- Мен дүнүйөдө эң көп сүйбөгөн жана душман болгон адамдар эң башында сенсиң, анан адилеттүү падышалар, кичи пейил жана шүгүр кылуучу жана зекетин берүүчү байлар, жагдайына нааразы болбогон сабырлуу, канаатчыл жана муктаждыгын билгизбеген мусулман кедейлер, чынчыл соодагерлер, ыкыластуу жана илими менен амал кылуучу, шектүү нерселерден сактануучу аалымдар, Ислам динин жайылтуучу мужахиддер, амри маруф жана нахйи мункар кылуучулар, адамдарга карата мээримдүү болгондор, насух тообосу менен тообо кылгандар, арамдан сактангандар, такыбаалуу жаштар, дайым даарат менен жүргөндөр, дайым кайрымдуулук жана жакшылык кылган жоомарттар, уяттуу жана адептүү, көркөм мүнөздүү жана адамдарга пайдалуу болгон мусулмандар, Курани каримди тажвид эрежесине ылайык окуган карийлер, намазды убагында окугандар жана баары уктап жатканда намаз окугандар. Муктаждарды таап садака бергендерди да сүйбөйм.

- Сен сүйгөн жана дос болгон адамдар кимдер?

- Заалым башкаруучулар, текебер байлар, кыянатчыл соодагерлер, аракечтер, жаман жерлерде музыка менен алектенгендер, ырдагандар, уятсыздык кылгандар, жетимдин мүлкүн жегендер, сараңдар, калпычылар, ушакчылар, сөз ташыгандар, уурулар, Аллахтан башка нерселерге ант бергендер, шарт болсун деп тынбай никесине ант берүүчүлөр, ушунун натыйжасында никеси бузулуп, балдары валади зина болот. Парз намазынын казасы турганда напил менен алек болгондор, зекет бербестен садака бергендер, намазга маани бербегендер жана кеч окугандар, тазалыкта, дааратта, намазда васваса кылгандар, тули амал ээси болгондор, дароо ачууланган, ачуусун жеңе албаган адамдар менин досторум, мен сүйгөн адамдар.            

- Кимдерди кантип алдаганга аракет кыласың?

- Эң бакубат адамдарымдын бир бөлүгүн аалымдарга жиберемин. Кээ бирлерин жаштарга, кээ бирлерин карыларга, кээ бирлерин да кары аялдарга жиберемин. Бир бөлүгүн абиддерге, бир бөлүгүн да захиддердин башына балээ кыламын. Оболку үммөттөрдөн бир абид дал 70 жыл ыкылас менен Аллахка ибадат кылган эле. Ошол ибадаттарынын натыйжасында ага ушундай бир абал ихсан кылынган эле; бир оорулууга дуба кылса заматта айыгып кетчү. Анын артынан ээрчидим. Ага ушундай куулуктарды кылдым; арак ичкирдим, зина кылдырдым жана адам өлтүрттүм. Натыйжада күфүргө түшүрдүм аны.

- Эң көп эмнени жакшы көрөсүң?

- Жалганды жана текебердикти. Анткени, эң алгач калп айткан жана эң алгач текебердик кылган менмин. Калп айткан жана текебердик кылган адам менин досум. Жалган жана текебердик менин сыпаттарыман. Кимде канчалык көп болсо, ошончолук мага окшогон болот.

- Сенин оюңча эң чоң күнөө эмне?

- Дүнүйөгө деген сүйүү жана башкаруучу болуу каалоосу...

- Бир мусулман намаз окуганда, Куран окуганда, тообо кылганда эмне кыласың?

- Намаз окуп жатканда мени безгек туткандай болот. Куран окуган учурда мен отто эриген коргошун сымал эрип кетемин. Тообо кылганда белим сынат, башыма уруп, чачтарымды жуламын, бардык эмгектерим текке кетти деп, кыйкырып ызы-чуу саламын.

Шайтандын тузактары

Иблис жер бетине түшкөн кезде Аллаху тааладан сурады:

- О, Раббим, мени кууп салдың жана жерге түшүрдүң. Менин үйүм жок.

- Үйүң мончолор.

- Жыйналыш жасай турган жерлерим кайда?

- Көчө жана базарлар.

- Тамагым эмне?

- Бисмиллахсыз желген тамактар.

- Суусундугум эмне?

- Спирттүү ичимдиктер.

- Азаным эмне?

- Музыкалык аспаптар.

- Китебим эмне? Эмнени окуймун?

- Орунсуз ырлар.

- Менин хадистерим эмне?

- Жалган сөздөр.

- Аңчылык аспаптарым менен тузактарым эмнелер?

- Жаман аялдар.

- Кимдер менен жатамын?

- Бисмиллахсыз жаткандар жана мастар.

- Сапардагы досторум кимдер?

- Жолго чыгып баратканда менин ыраазычылыгымды табуу үчүн эмес напсинин артынан бармакчы болгондор сенин сапардагы досторуң болот.

- Жардамчыларым жана элчилерим кимдер?

- Бидатчылар сенин жардамчыларың, сыйкырчылар сенин элчилериң.

- Досторум кимдер?

Мал-мүлкүн ысырап кылгандар жана жаман жолдорго короткондор сенин досторуң.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш