Суроо: Осуят кантип жазылат, динибизде өкүмү эмне?
ЖООП: Ар бир мусулман кайтыш боло электе осуятын
жазууга тийиш. Осуятты өлүм оорусунда жатканда жазуу важип, дени сак кезде жазып,
жанында алып жүрүү мустахаб.
Осуятта бала-чакасына, досторуна акыркы насааттын
кылууга тийиш. Мойнунда кимдердин акылары бар болсо алар менен адалдашып,
аласаларын, береселерин, карыздарын төлөнүүсүн, искат кылынуусун, ажылык карызы
бар болсо ордуна өкүл жиберилүүсүн жазып, жаназа кызматындагы жана жаназадан
кийинки каалоолорун билдирүүгө тийиш. Жубайына Махр-и муэжжел карызын
төлөнүүсүн осуятта жазууга тийиш. Бул тилектеринин орундалуусу үчүн адилеттүү
эки күбөнүн жанында бир васи (керезин орундоочу киши) тандап алууга тийиш.
Өлгөн момундардын рухтары бири-бирин зыярат
кылышат. Өзгөчө Жума түндөрүндө сүйлөшүшөт. Өлгөн адамдын руху асманга
көтөрүлгөндө момундардын рухтары келип, дүнүйөдө тааныган кишилерин сурашат. Осуятын
жазбай кайтыш болгон адамдардын рухтарына сүйлөөгө уруксат берилбейт. (Фараид-ул-фаваид)
Искат үчүн фидия
Намаздарынын казаларын бүтүрө электе өлүм абалы
келип калган адамга бул намаздарынын искаты үчүн калтыра турган мал-мүлкүнөн
фидия берилүүсүн керээзинде жазуу важип болот. Керээзинде жазбаган болсо велисинин
(өкүлүнүн), жада калса, чоочун бирөөнүн анын мүлкүнөн искат кылуусу жаиз болот.
Ажыга бара албаган байдын ажылык акчасын калтырып,
ордуна башка бирөөнүн жиберилүүсүн осуятында жазуусу важиб. Мал-мүлкү болбогон
өлгөн адам көзү өтө электе девир кылынуусун осуятында жазган болсо велинин
девир кылуусу керек болбойт. Маркумдун кафараттарын искат кыла турганчалык мал-мүлкүнүн
бардыгын, мурастын үчтөн бирин ашпай тургандай кылып осуятта жазуусу важип
болот. Натыйжада девир кылуунун кажети жок эле искат кылынат. Үчтөн бири искатка
жетип турса да үчтөн биринен аз мүлктүн девир кылынуусун осуятта жазуу күнөө
болот. Осуятта жазбаган болсо мураскору өзүнүн акчасы менен ажыга бара алат же
башка бирөөнү жибере алат.
Осуятта жазылбаган зекет искатынын орундалуусу
керек эмес. Бирок, мураскору зекет искаты үчүн да өзүнүн каалоосу менен девир
кыла алат. Күнөө болгон бир нерсени осуятта жазууга болбойт жана ушундай осуяттар
орундалбайт.
Осуят тууралуу бир нече хадиси шарифтер
төмөндөгүчө:
"Түшүмдө Бейиштиктерден болгон эки аялды
көрдүм. Алардын бирөөсү сүйлөй албай жаткан эле. Сүйлөгөн аял: "Мен осуятымды жаздым.
Бул осуятсыз кайтыш болду, Кыяматка чейин сүйлөй албайт”, - деди.” (Дайлами)
"Осуятсыз кайтыш болуу чоң кемчилик,
акыретте болсо отко кирүү жана шерменде болуу.” (Табарани)
"Осуят жазуусу керек болуп турса да осуятсыз
эки түндү өткөрүүгө бир мусулмандын акысы жок.” (Бухари)
"Осуятта мураскорлорунун бирин зыянга
учуратуу чоң күнөө.” (И. Жарир, Байхаки)
"Эң көп мал-мүлкүңдүн үчтөн бирин осуят (керээз) кыл! Мураскорлорду
бай кылып калтыруу кедей жана муктаж кылып калтыруудан жакшыраак.” (Муслим)
Көбүрөөк кызмат кылганга жана муктаж болгон
перзентине бир нерсе белек кылуу жаиз. Бир киши мал-мүлкүнүн бардыгын
перзенттеринин бирине берип, башкаларына бербесе, берилген мал-мүлк ошол
перзенттин мүлкү болот. Бирок, атасы салих перзенттерин бири-биринен бөлгөндүгү
үчүн күнөөгө кирет. Салих болгон перзентине көбүрөөк мурас берүү жаиз.
Перзенттери фасык болгон адамдын мурас калтырбастан салих кишилерге,
кайрымдуулуктарга берүүсү жакшы болот. (Баззазиййа)
Суроо: Кайтыш болгон аял мал-мүлкүнүн канча бөлүгүн осуятка
жазып мураска калтыра алат?
ЖООП: Күйөө же аялынан башка мураскору жок болсо
мал-мүлкүнүн бардыгын тең осуят кыла алат. Бар болсо сүлүстөн (үчтөн биринен)
ашыгын кыла албайт.
Суроо: Ажыда арам иш кылбастан ажылык кыла албаган аял
эмне кылат?
ЖООП: Арам иш кылбастан ажылыкты аткарууга аракет кылат.
Арам иш кылбастан ажылык амалын аткара албаса осуят кылуусу керек. Мындай деп осуят
кыла алат: "Өлгөнгө чейин ажыга бара албасам ордума өкүл жибергиле!”
Суроо: Бир киши мал-мүлкүнүн бардыгын чоочун бирөөгө осуят
кылган болсо бардыгы берилеби?
ЖООП: Мураскору жок болсо бардыгы, мураскору бар болсо
үчтөн бири берилет.
Суроо: Атам мал-мүлкүн перзенттеринин бирөөсүнө көбүрөөк,
башкасына азыраак берди. Көзү өткөндөн кийин аз алгандын көп алгандан мал-мүлк
талап кылууга акысы барбы?
ЖООП: Акысы жок.
Суроо: Атам көзү тирүү кезде бакчабызды мечитке багыштап,
"Мен өлгөндөн кийин бересиңер” деп оозеки айткан болчу. Бербесек күнөө болобу?
ЖООП: Ооба. Себеби, осуяттын үчтөн бирин орундоо важип.
Суроо: Бизде жаназага катышкандарга акча таратылат. Атам
дагы мага ушундай кылуумду осуят айткан болчу. Айткандай кылышым керекпи?
ЖООП: Мурастын үчтөн бирин берүү зарыл. Садака сообун
атаңыздын рухуна багыштайсыз.
Суроо: "Дене мүчөлөрүмдү вакф кылдым (багыштадым) же
көзүм өткөндө дене мүчөлөрүмдүн алынуусун осуят кылдым” деп айтуу жаизби?
ЖООП: Жаиз эмес. Булардын сахих болушу үчүн мутакаввим
мал-мүлк менен кылынуусу керек. Адамдын эч бир бөлүгү мал-мүлк эмес. Бирок,
"Мен өлгөндөн кийин канымдын, дене мүчөлөрүмдүн бир мусулманга берилүүсүнө
зарылдык пайда боло турган болсо, берилүүсү үчүн уруксат берип жатамын” деп
айтуу жаиз болот. Же болбосо бир нерсе айтпаган болсо, муктаждык пайда болгондо
жаңы кайтыш болгон бирөөнүн дене-мүчөсүн алып, оорулуу адамга берүү жаиз. (С.
Абадиййа)
Суроо: Тааныштардан бир киши "Мен кайтыш болгондон кийин
өрттөгүлө” деп осуят кылган экен. Орундуубу?
ЖООП: Албетте, орундуу эмес. Төрт чыныгы мазхабдын эч
биринде өлүк күйгүзүлбөйт. Өлүктүн күйгүзүлүүсү индустарда жана башка
ыймансыздарда бар.
Суроо: Атам осуят жазбастан кайтыш болду. Көп жылдар өтүп
кетти. Искатын кылсам жаиз болобу?
ЖООП: Өтө жакшы болот.
Суроо: Өзүбүз үчүн окуганыбыз хатмды жана хатм-и тахлилди
мазарыбыга жиберишибиз керекпи же күтүп, биз кайтыш болгондон кийин рухубузга
жиберилүүсү үчүн осуят айтышыбыз керекпи?
ЖООП: "Күтүп, осуят айтуу керек” деген нерсе жок. Окулган
хатмды жана хатм-и тахлилдин урматына кечирилүүбүз үчүн дуба кылынат. Сообу да
алгач Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын рухуна, бардык пайгамбарга жана өлүү-тирүү
бардык момундарга багышталат. Кылган бардык ибадаттарыбыз кабыр үчүн, акырет
үчүн бир даярдык. Жакшылыкты жана кайрымдуулукту көзү тирүү кезде кылбастан,
"Мен өлгөндөн кийин тигил же бул жерлерге бергиле” деп айтуу көзү тирүү кезде
берүү сыяктуу болбойт.
Суроо: Раматылык энем көзү тирүү кезде Ясин-и шариф окуп,
кассетага жазып алды. "Мен кайтыш болгондон кийин муну угуп, сообун мага жибергиле”,
- деп айтты. Осуятын орундасак эч нерсе болбойбу?
ЖООП: Динге шайкеш болбогон осуяттар орундалбайт. Кассетадан
Ясин-и шарифти угуу ибадат болбойт. Кассетадан угулган Курани карим өлүккө
багышталбайт. Жекече окуп багыштоо керек.
Суроо: Курмандык чала албаган мусулман кайтыш болуп
жатканда калтырып жаткан мал-мүлкүнөн өзү үчүн курмандык чалынуусун мураскоруна
осуят айтса, осуят кылынган курмандык качан чалынат?
ЖООП: Айт күндөрү чалынат. Курмандыкты чалган адам анын
этинен кедей болсо да жей албайт. Этинин бардыгын кедейлерге берүүгө тийиш. Осуят
айтпаган өлүк үчүн мураскору же башка бирөөлөр качан болсо да өз малынан жандык
союп, сообун ал адам үчүн багыштай алат. Сообу сойгон адамдыкы болот. Өлүккө да
багышталат. Булардын этинен сойгон адам да жей алат. (И. Абидин)
Суроо: Ооруу, карылык сыяктуу бир үзүрлүү себеп менен
Рамазан орозосун кармай албаган бай адамдын бул абалы өлгөнгө чейин уланса эмне
кылат?
ЖООП: Кедейлерге тамак берилүүсүн осуят кылат. Валиси
дагы анын кармай албаган орозосу үчүн кедейге бир фытра же анын баасын
берет. (Бедайи)
Бир осуяттын үлгүсү
Бисмиллахиррахманиррахим. Алхамдулиллахи Раббил
аламин. Ассалату вассаламу ала расулина Мухаммедин ва алихи ва сахбихи ажмаин.
Мен кайтыш болгондон кийин калтырган мал-мүлкүм менен
динге шайкеш тажхиз жана такфиним орундалсын. (Б.а., жуулуп, кепенделип,
кабырга коюлсун) Карызым бар болсо баарын төлөп, артып калганынын үчтөн бири
бөлүнсүн. Бул акча менен намаз искаты, орозо, ант жана адактарым үчүн каффарат
кылынсын. Динке шайкеш искат кылынсын.
Буларды акылым жана аң-сезимин ордунда болгон
учурда жаздым. Бул керээзди орундоо үчүн .......... васи кылып дайындадым.
Акыларымдын баарын кечирдим. Алар да менде болгон акыларын кечиришсин!
(Васи бул керээзди кабыл кылып, баарын эң мыкты түрдө орундоого
милдеттенет. Эки күбө менен төртөө кол коёт.)