Ислам дини » Кошумча темалар » Напсиге зулумдук кылуу деген эмне?




Напсиге зулумдук кылуу деген эмне?


Суроо: "Напсиңерге зулумдук кылбагыла” деген кандай маанини түшүндүрөт? Напсибиз Аллахтын душманы болгондуктан напсиге зулумдук кылуу керек эмеспи?

ЖООП

Напси (нафс) деген сөз – рух, жан, кан, киши, көңүл, улуулук, эрк сыяктуу бир нече мааниге ээ. Бирок, көбүнесе эки мааниде колдонулат:

Биринчиси – "динге туура келбеген каалоолордун булагы” катары колдонулат. Бул "нафс-и аммара" деп аталат. Бул напси - Аллаху тааланын жана өзүбүздүн душман. Бир ыйык хадистин мааниси:

"Сенин эң чоң душманың - сени ар тараптан курчап алган напсиң.” (Дайлами)

Аллах душманы болгон напсиге зулумдук кылуу үчүн, башкача айтканда, анын зыяндарынын алдын алуу үчүн динибиздин буйругуна толук моюн сунуу жана бул напсини жаман деп билип, дайым кордоо керек. Бир ыйык хадистин мааниси төмөндөгүчө:

"Напсин кордогон киши динин ардактаган болот. Напсини ардактаган киши динин кордогон болот.” (Абу Нуайм)

Экинчиси – бир нерсенин негизи, өзү. Мисалы, Курани каримде: "Ар бир напси өлүмдүн даамын татуучу”, - деп айтылууда. Башкача айтканда, ар бир жандуу өлүмдү татат дегендик. "Напсиңерге зулумдук кылбагыла” деген сөз "өзүңөргө зулумдук кылбагыла” дегендик. Көп жеп толуп кетпегиле же өтө аз жеп да арыктап кетпегиле дегендик. Көп да уктабаш керек жана аз да уктабаш керек. Башкача айтканда, денебиздин муктаждыктары маселесинде да кайдыгер болбошубуз керек деген маанини билдирет. Бир ыйык хадистин мааниси:

"Дин – жеңилдик. Динде чектен чыккан адамды дин жеңип коёт.” (Насаи)

Сеййид Абдулхаким Арваси хазреттери да: "Адал болгон кийимдерди, азыктарды жана шербеттерди керектүү ченемде колдонгула! Түрдүү, даамдуу тамактарды жана таттуу, муздак шербеттер менен денеңерди, напсиңерди ырахаттандыргыла жана кубанткыла!” – деп айтат. Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын жана Ислам аалымдарынын ушул билдирген өкүмдөрү менен амал кылуу ниетинде орундала турган болсо, анда булар дагы ибадат болот, сооп болот. Натыйжада өзүбүзгө да зулумдук кылбаган болобуз.

 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш